Дамир Мусакеев: «20 млн. сомдук байлык эмес, менчик үйүм да жок кызматтык батирдемин»

Кечээ,8-майда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы Дамир Мусакеевге карата сотко чейинки өндүрүш башталганын кабарлаган. Ага өлкөдөн чыкпоо шарты коюлган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 9- башкармалыгынын мурдагы башчысы, экс-президенттин жан сакчысы Дамир Мусакеевдин 20 млн.сомдук байлыгы жок экенин Башкыпрокуратура ырастады.

Маалыматка ылайык, ал ата-энеси айылда бай болбосо да жакшы чарбасы бар экенин, үй-бүлөдөгү төрт бала бардыгы иштерин билдирди. 20 млн. сомдук мүлк Мусакеев өзү гана эмес, анын жакын туугандары иштеп тапкан расмий кирешеден бир нече эсе кымбат экени да айтылды.

Мусакеевдин Башкы прокуратурага берген жообун Алмазбек Атамбаев жетектеген КСДП партиясы таратты. Анда Мусакеев, ага тагылган айыпты экс-президентти сатпагандарга болгон бийликтин каралоо саясаты деп атады.

“Мунун баары пастык жана кара санатай калп. Мен дайыма коррупционерлерди жек көргөн таза жоокермин. Эч качан эч кимди алдаган эмесмин, бирөөнүн же мамлекеттин чөнтөгүнө да кол салган эмесмин.Бул бийликтин каралоосу.Баарын оңой эле текшерсе болот. Менде ушунчалык мүлк болгондо 2016-жылга чейин келинчегим, үч балам менен УКМКнын жатаканасындагы бир бөлмөдө эптеп баш калкалап жүрмөк белем? Мен азыр деле кызматтык батирде жашап жатам, менчигимде кандайдыр бир үйүм да, батирим да жок. Биз үй-бүлөдө төрт бир тууган эркекпиз. Биздин мүлкүбүз, чындап келгенде, 20 миллион сомго эч бир жетпейт. Ата-энебизге, мага, бир туугандарыма таандык болгон мүлктүн баарын кошо эсептеп келгенде ашып кетсе 5-6 миллион сомго жетет. Мунун ичинен мага жана менин үй-бүлөмө тийиштүүсү болгону 500-600 миң сомго гана чамалап барат”, — деди Мусакеев.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу