Дайыр Кенекеев учкундан жалын тутантат…

“Учкун” басмаканасы Өкмөттүн колдоосуна муктаж.

11-деабрда Парламент радиосунда эл өкүлү Рыскелди Момбеков жана “Учкун” ачык акционердик коомунун башкы директору Даир Кенекеев маек курду. Анда депутат Рыскелди Момбеков «баардык малекеттик иш кагаздар, документтер мамлекеттик басмаканада басылып чыгышы зарыл. Бул экономика үчүн да да маанилүү. Мисалга алсак башка мамлекеттерде баардык иш кагаздарын мамлеккеттик басмаканалар басып чыгарат. Ал тургай айрым өлкөлөрдө Улуттук банктардын алдында өздөрүнүн басмаканасы бар. Акчалар ошол жерде басылып даярдалат.  Биз колдонгон жарандык паспорттун баасы 96 сом болсо, айдоочулук күбөлүктүн баасы 1300 сом. Албетте бул жерде чоң коррупциялык схемалар бар. Бул карала турган маселе. Экөөнүн материалы бирдей эле, бирок бааларында чоң айырма бар. Мен депутат болуп келгенден бери бул маселени бир канча жолу көтөрдүм. Сатып алуулар боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгы бар» деп билдирди.

Ал эми аталган ишкананын башчысы Даир Кенекеев “Учкун” акционердик коомунун мамлекеттик улүшү 85,36 % түзөт . Анын ичинен 8% социалдык фондко которулса акциянын 77, 36% мамлекеттик  мүлк фондуна таандык. “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” 03.04.2015.  № 72 мыйзам күчүнө киргенге чейин мамлекеттик маанидеги документтердин баары биздин басмаканадан чыгарылып турган. 3 жылда биз карыздарыбызды төлөгөнгө жетишкенбиз. Аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин конкуренцияны көтөрө алган жокпуз. Бүгүн полиграфия рыногунда 200 дөн ашуун типографиялар иштейт.  Мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууга эле өлкөнүн бюджетинен 500 млн сом коротулат.  “Учкун ” ишканасын приватизациялоого да кээ бир адамдар кызыктар болгон, бирок биз ага жол бербейбиз» деди.

Булак: Чындык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу