Дайыр Исмадияров менен Аваз Акимов авиакырсыка кабылганын айтып…

Кече, 1-март  ырчы Аваз Акимовдун туулган күнү болуп,  анда сахналаш достору өздүк баракчаларына ырчы мырзага каалоолорун жазып калтырышкан. Озгөчө ырчы Дайыр Исмадияров төмөнкү билдирүүнү жазып, ырчы мырзаны куттуктады:

 

Дайыр Исмадияров: «Туптуура бир жыл мурун дал ушул күнү Аваз Акимов иним сенин туулган күнүңдө, эс нерседен кам санабай ушул сүрөткө түшүп Бишкек-Баткен каттамы менен асманга көтөрүлдүк эле. Жашообузда чоң сыноо болду десем жаңылбайм. Кыршык каш кабактын ортосунда экенине дагы бир жолу ынандым. Бир заматта асманда учуп бараткан учактын сол канатындагы матору күйүп, авариялык абалда кайра Бишкеке конгонбуз. Ошол күн, тагыраагы 1-март сенин гана эмес менин да туулган күнүм болуп калды. Ошондуктан туулган күндөрүбүз менен», -деп куттуктоосун жазып калтырган.

Ырчы чоң кырсыктан аман калганын дагы бир жолу айтты. Мындай  билдирүүнү окуган көпчулүк интернет колдонуучулар  ,»Кудайым жашасын дептир да» деген сындуу пикирлерин калтырышып, ырчы Авазды куттуктап жазышты.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу