Дайырбек Орунбеков, экс-президент Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты

Белгилүү журналистердин катарын толуктаган, мурдагы бийликтен саясый куугунтуктун даамын таткан журналист, Дайырбек Орунбеков, экс-президент Алмазбек Атамбаевге көңүл айтты. Ал өзүнүн Фейсбук баракчасына жазган «көңүлү» толугу менен төмөндө:

Атамбаевдин абалы — баягы сынык тепшисине кир жууган кемпирдикиндей. Алмазбек Шаршенович, көңүл айтам. Түшүнүп турам, айла жок. Сиз өзүңүз ушундай мамилеге татыктуусуз. Эки качкын президенттен да тагдырыңыз аянычтуу. Алар го качып кетип, аргасыз эл аралай албай жүрөт. А сизчи? Өзүңүздүн эл, өз жериңизде түрткүнчүк болуп жатасыз. Дарегиңизге жалаң наалаттар. Кечээ, бүк түшүп ийилген депутаттарыңыз, азыр түкүрүп, саламга келбей калды.  Эгерде, сиз достукка, мырзачылыкка, чындыкка кыянаттык кылбаганда, мындай кейиштүү тагдырга туш келбес элеңиз.

Бүгүн, колун сереңдетип Өмүрбек Текебаев коргоп турмак, жок дегенде. Азыр ким калды жаныңызда? Көлөкөдөй ээрчиген Икрам Илмиянов дагы таштап кетти. Фарид Ниязов менен Алмаз Үсөн гана калды. Алар дагы төшүн тосуп коргоп, кеп айта албай Фейсбукта «Фэйк» болуп калышты.

Мурдагы ат кошчу, кошоматчыларыңыз бири жок. Ошон үчүн кыргызда, «элиң менен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң!»,-деп айтып койгон.

«Таластыктар Абыке менен Көбөштүн урпактары», «Саруулуктар бандиттер», «Баткендиктерге Бишкекте эмне бар?!»,-деген осол сөздөрдү айтып, «кыргызга кыргыз душман»,-деп бөлүп жардыңыз. Улутту бириктирбей, бөлүп жардыңыз. Достун кадырын баалаган жоксуз. Акырында мынтип соксоюп жалгыз калдыңыз. Акаев менен Бакиевдин тагдырынан да өкүнүчтүү аяктоо. Эми, акыркы «кол тийбестик артыкчылыктардан» дагы куру жалак калганы турасыз. Анда, кылмыш жообуна тартылууга жол ачылат.

Алмазбек Шаршенович, ошон үчүн адамды эмес, чөптү дагы кордобош керек болчу!  Элдин убалы жаман, уктатпайт. Уйкуңуз тынч болбой жатса керек.  Бирок, колуң менен кылганды — мойнуң менен тартуу шарт! Эми, тике караңыз. Сапар Исаков баштаган «балашкалардын» артына жашына берүүнүн дагы мезгили бүтөт…, деп жазган Дайырбек Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу