Дагы бир сот качты…

Соттор кеңеши тарабынан 2018-жылы кызматынан алынып, мыйзам бузуу менен чечим чыгар- ган ишмердүүлүгүнө байланыштуу жоопкерчиликке тартуу боюнча чечим чыккан Москва райондук сотунун мурдагы төрагасы Феликс Марсел өлкөдөн чыгып кеткен. Ага УКМК издөө салды. Ал өзүнүн кылмышын жабуу үчүн УКМКнын Антикоррупциялык кызматына пара сунуштап, аз өтпөй Туркияга чыга качканы айтылууда. Эске сала кетсек, буга чейин Аскер сотунун мурдагы төрагасы Нурланбек Ашымбеков жана Октябрь райсотунун судьясы Эрнис Чоткараевдер өлкөдөн из жашырып чыгып кетишкен.

БУЛАК: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу