Гүлшайыр САДЫБАКАСОВА: “Кыз-Буракты” эми Максат менен Сайкал жетектейт”

КРнын Эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова өткөн жумада Ошто дүркүрөгөн той берип кызы ырчы Сайкал Садыбакасованы турмушка узатты. Чыгармачыл инсандарга туш болгон жигит журналист Максат Давранов болду. Кайненесине башынан жагып келген Максат учурда ишеничтүү күйөө бала болуп, Гүлшайыр айым кубанып турган чагы экен.

– Гүлшайыр  айым, кызыңыз Сайкалды жаңы эле турмушка узаттыңыз, кандай сезимде турасыз?

– Кызым турмушка узап күйөө балалуу болдум, азыр ошол күйөө баламды Кудай кут кылсын деп турган чагым. Кызымды тарбиялап чоңойтуп, тууруна кондуруп бердим. Эми күйөө балам Максат экөө бактылуу болсун, Кудайдан тилегеним ушул. Мен тойлорго көп барам, ал жакта конок катары төрдө олтурчумун. Көрсө, ошол тойлордун түйшүгү түмөн экен. Аны тойдун алдында билдим.  Той жакшы өтсүн, эл алдында жүзүбүз жарык болсун деп кудагыйым Максуда экөөбүз чуркап жүрдүк. “Экөөбүз тең жесир аял экенбиз, балдарыбызды атасыз өстүрсөк да татыктуу тарбиялаптырбыз”, — деп бири-бирибизге мактанып коёбуз. Үйлөнүү той менен кыз тойду чогуу өткөрдүк. Себеби Бишкектен, Орусиядан келе турган конокторумдун кыз той менен үйлөнүү тойго эки жолу келе албайбыз деген суранычы болду. Алардын суранычын эске алып кудалар тарап менен сүйлөшүп, баарын чогуу кылдык. Андыктан тойдо коноктор абдан көп болду. 700 конок чакырылды эле, кечиримдүү себептер менен 20дай адам келбей калды, 680дей конокту кулачыбызды жайып тосуп алдык. Элибизде “канча бут кирсе, ошончо кут кирет” деп айтылат эмеспи, кут келип, балдарыбызга элдин батасы тийсин. Конок тосууда кемчиликтер болбой койбойт экен, кээ бир столдордо олтурган конокторго барып: “Кандай олтурасыңар?” — деп сурай албадым. Анткени мен сүйлөгөндөрдөн, каалоо айткандардан бошой албай калдым. Бирок жалпысынан той жакшы өттү го деп ойлойм, баары айтып атышат, баарына эл күбө. Кызымды толук кыргыздын салты менен узаттым. Кудалашуу, сөйкө салуу, күйөө бала жолдоштору менен келип кызды алып кетти, укмуш сонун болду. Мен чынын айтсам, көптөн бери мындай көрүнүштү көрбөгөнүмдөн өтө жагымдуу болду. Кыз кеткенде кандай жол-жобо болсо, баарын жасадык. Кызым Сайкал менен уулубуз Максат азыр кудагыйым экөөбүзгө: “Тойду жакшы өткөрүп бердиңиздер”, — деп аябай ыраазычылык айтып атышат.

– Алигиче колуңуз бошой элек экен, той дагы деле жыйынтыктала элекпи?

– Тойдун эртеси кудалар чакырып сыйлашты. Андан кийин Сайкалды алып Ала-Букага кетишкен, ал жактан той уланды. Мен өзүм туулуп-өскөн Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнө барып, калган туугандарымды, мечиттин жамаатын чакырып дагы той өткөрүп келдим. Той күнү келе албай калгандар азыркыга чейин үйгө келишип, айтор, той жыйынтыктала элек.

– Демек, үйдө Сайкал жогун али сезе элек экенсиз да…

– Сайкал Бишкекте көп жүрүп калып көнгөнгө, анын жогун көп сезбей калгам. Бирок Сайкал турмушка узап кеткенден бери жүрөгүмдөгү бир тамыр кичине ооругансып атат. Кудайым жер үстүнө эмне жакшылык берсе, биринчи ушул балдарыма тийсин, анан ашса мага тийсин деп жакшы тилек менен олтурам. Кудагыйым экөөбүздүн максатыбыз эле балдар тынып, тынчып, өзүлөрү менен өзүлөрү түтүн булатып, булаган түтүндөрү өчпөй, таштай катышып, суудай сиңишип бактылуу жашаса, ошол биздин бактыбыз.

– Максатты сиз мурдатан тааныйсыз, көңүлүңүзгө туура келгендир? Сайкал да апамдын купулуна толгон адамга турмушка чыгам дечү эле…

– Максатты көп жылдан бери жакшы билем, чыгармачылык чөйрөдө да бирге жүргөн адам эле. Ага кайсы учур болбосун: “Максат, келип жардам бер”, — деп кайрылчумун. Сайкалдын жеке концертинде чакырсам келип, концерттик программаларды уюштурганга жардам берип жакшы кызматын көрсөткөн. Кечээ Айжамал Кабылованын концертин да Максат уюштуруп берди. Гүлнара Калдарованын концертине да жардам берип жүрөт. Максат уюштуруу иштерин абдан жакшы билет. Негизи концерттерди уюштурган көп жигиттер бар, бирок алардын ишинин чаласы көп. Максаттын мага окшогон сапаты бар, ийне-жибине чейин баарын так аткарат. Андыктан Максаттын менин көңүлүмө туура келген сапаттары бар эле, баламдай болуп эле жанымда жүргөн. Максат биринчи Сайкалдын колун сурап келгенде такыр ээсим ооп калган. Же ишенеримди билбейм, же ишенбесимди билбейм. Анан: “Айланайындар, экөөңөр тил табышып, сүйлөшүп жүрсөңөр эле болду. Батамды беремин, сенин сунушуңду кабыл алдым”, — деп экөөбүз аябай күлдүк. Билип, таанып жүргөн аябай жакшы болот экен.

– Сизди Максаттын чыгармачыл адам экени да кубандырса керек?

– Ооба, сүйүнүп атам. Сайкал күчтүү музыкант, күчтүү обончу, мыкты актриса, мыкты жетекчи болгону менен кээ бир иштерде балалыгын же эркелигин, кээде кайдыгерлигин кылып коёт. Мына ошондой убактарда бири-бирин толуктап турат деп кубанып атам. Максат мага окшоп эмгекчил жана жаны тынбаган адам. Мен бир жумушту баштасам бүткөнчө уктабайм, Максат да ошондой, андыктан экөө эриш-аркак болуп, мага да жарыгы тийип жакшы үй-бүлө болот деген ниетим бар.

– Сеп бердиңизби?

– Ооба, Максат калыңын берди, мен да сеп бердим. Күйөө баламдын жазда ипотекага алган үйү бар экен. Ошонун ичин толтуруп, алар каалагандай шарт түзүп атам. Ал менин энелик милдетим. Анан да Бишкектен эки бөлмөлүү жаңы курулган заманбап үй белек кылдым. Бирок ал үй курулуп бүтө элек, бир жылдан кийин бүтөт экен, ошондо киришет. Эми Бишкекке жашашабы, Ошкобу, өзүлөрү чечишет, мен алардын чечимине макулмун.

– Сайкал келиндик кызматка даяр беле?

– Сайкал үй оокаттын баарын билет. Азыр эле кабар уктум, кечээ коноктор кеткенден кийин идиш-аяктын баарын жууп, үйдү тыпырайтып жыйнап кайненесин ыраазы кылып атыптыр.

– Улам чалып абалын сурап турасызбы?

– Менин маалыматтык булактарым бар да, чалбасам да алар аркылуу билип турам (күлүп). Той күнү Сайкалдар тойдон чыгып эс алуу жайга кетишкен эле. Бир убакта Сайкалга чалсам, ал: “Апа, эми болду да, мен турмушка чыктым”, — дейт. Ошондо жанында күйөөсү турса эмнеге чалам деп уялып: “Тынч олтургула деп айтып коёюн деп чалгам”, — деп калдым. Мурда улам чалып текшерип турчумун да, ошол адатым кармап чалып жибериптирмин, азыр көп чалбай калдым.

– Кыз узатуу боюнча тажрыйбаңыз мол дегендей, бирок Сайкалды узатып атып ыйласаңыз керек…

– Ооба, кызымдын белине оромол байлап узатып атканда Сайкал экөөбүз бирдей ыйладык, бизге кошулуп Максат да көз жашы кылды. Өзүңдүн балаңды узатып атканда бир топ башкача болот экенсиң. “Кыз-Бурактын” кыздарын узатканда деле жаман болчумун. Той учурунда да кээ бир нерселерди унутуп, толкунданып эле жүрдүм.

– “Кыз-Бурак” тобун эми ким жетектейт?

– Эми буюрса, Сайкал менен Максат алып барат го. Чыгармачылыкка тиешелүү жумуштардын баарын экөө кылат. Мен болду, эс алайын да. Буюрса, небере багам, буларга кеңешчи болом дегендей. Уулум Эркин 10-класска окуп калды, ал: “Апа, сиз эмне десеңиз ошондой, сизди сыйлаган адам болсо болду, алам”, —  деп келет. Андыктан кааласам аны 11-классты бүткөндө үйлөп коюшум мүмкүн. Бирок, албетте, анын тандоосуна коём, өзүм улуу киши катары көзөмөл кылып коём. Балам деле Сайкалга окшоп менин айтканымдан чыкпайт го. Энени сыйлабаган, энени урматтабаган, эненин сөзүн укпаган бала бала эмес да.

– Өзүңүз чыгармачылык, иштен чарчадыңызбы?

– Учурда Рыспай Абдыкадыров атындагы Оштогу филармонияда иштейм. Ошто кандай иш-чара болсо, баарын биз тейлейбиз. Айлыктын аздыгына карабай өмүрүн чыгармачылыкка арнап койгон артисттериме ыраазы болуп, аларды эркелетип гана турам. Өзүм болсо чарчаган учурда бир жакшы ыр уксам кадимкидей тирилип калам. Менин чарчоомду, кайгы-муңумду, депрессиямды бир гана музыка дарылап келген, бүгүн да дарылайт. Өзүм да чарчап, депрессияга түшүп мөңгүрөп калган адам эмесмин.

– Обон жазып атасызбы?

– Чынын айтсам, обон жазганга такыр убактым жок болуп атат. Илхамдар келип, таарынган бойдон кетип калып атат. Ошолорду кармап, жакшы обон жазып калганга убакыт жок. Жаштарга окшоп илхам келгенде уюлдук телефондун диктофонуна жазып кала турганды үйрөнө албай атам.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу