Гүлшайыр Садыбакасова: «Бирөөнүн үйүндө бир күн жашай албайсың…» Садыбакасова ким тарапта?

Көп учурдан бери уланып келе жаткан Жанин аттуу ырчы айым жана Айчүрөк Иманалиеванын чуусу азыркы учурга чейин токтобой уланып келет. Бул тууралуу легендарлуу «Кыз Бурак» тобунун жетекчиси , Гүлшайыр Садыбакасова өздүк баракчасына төмөнкүчө жазып чыкты.

«Кыргыз эстрадасынын мега жылдызы Айчүрөк Иманалиева менен жакындан таанышып, анын шоу дүйнөсүнө аралашуусуна өз салымымды кошуп, кандай кырдал, кандай сыноолор болбосун кеп-кеңешимди айтып, ар дайым туура жолду көрсөтүп, кыйынчылыктарда бири-бирибизге жардам берип, колдоо көрсөтүп,эже сиңди болуп ээрчишип жүргөнүбүзгө 30 жылдын жүзү болуптур… Кыргыз элине таанымал бир топ ырчыларыбыздай эле, Айчүрөк сиңдим да өзүнүн таланты, ак эмгеги, пешене тер мээнети менен бүгүнкү кадыр -баркына, сый -урматына жетти. Шоу-бизнестеги толгон кыйынчылыктарды басып өтүп, көптөгөн бут тосууларды жеңип, бир топ ийгиликтерди жаратып, чыгармачылыкка удаалаш үй-бүлөө күтүп, бала-чакалуу болуп, бактылуу атанын сүйгөн жары, сүйүктүү балдардын апасы, миллиондогон көрүүчүлөрдүн кумирине айланып, элибиздин мыкты ырчысы боло алды! Сый-урматтыбыз бүгүнкү күнгө чейин уланып келет… Жанин кызыбыз «Биз» тобунда, «Кыз-Буракта», Айчүрөктө жүрүп бир топ тажрыйба топтогон экен, өз алдынча ырчы болуу аракетинен артка кайтпай, ырчылыкка аралашып, аны өнүктүрүп, ошол эле учурда кыргыз армиясынын чек ара кызматында иштеп жатат.. 3 баланын энеси, улуу кызын турмушка берип, небере жетелеп калган тайене!
«Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт»- дегендей жашоодо кездешчү катаачылыктардын торуна түшүп, Айчүрөк эжесинин көңүлүн кирдеткен маегин берип, ортодо ызы-чуу жаралды. Экөөсү чырдашкан күндөн тартып эки тарап менен тынымсыз сүйлөшүп, экөөсүн жараштыруунун, элдештирүүнүн үстүндө далбастап жүрдүм. Жаниндин постторуна чейин өчүрттүм. Жанинге:»Айчүрөк эжең улуу, сен кичүүсүң»-деп жатып Айчүрөктөн кечирим сураттым. Айчүрөктүн: «Бул бирөөнүн заказы!»- дей бергенинен улам, кайра-кайра Жанинден сурасам ал:» Эчким мага буйрутма бербей эле, маек берип жатканда, бул сөздөр оозумдан автоматтык түрдө чыгып кетти!»- деп агынан жарылды! Буларды жараштырам деп жатып экөөсүнөн далай жүрөгүмдү ооруткан сөздөрдү уктум. Баарына чыдадым… Жанин кечирим сурагандан кийин Айчүрөк менен жолугуштум, баары жакшы бүтүп бараткан эле… эки тарапты кайраштыргандардын азабынан чыр кайрадан уланып кетиптир…. Айчүрөк, сен улуусуң, акылдуу жансың, стратегсин, бардык кырдалды жакшы түшүнөсүң?!»-деп билдирет. Ал эми кийинки билдирүүсүн да, «Бул уландысы» деген Гүлшайыр Садыбакасова, «Кудайдын атын атап ортого коюп, улуу аксакал катарында дагы бир жолу суранамын, ачуунду артка таштап, өткөн азаптуу күндөргө сабыр тутуп, ушул ызы-чууну токтотуш үчүн Жанинди(Жамиланы) кечир?! Жанин, сага айтаарым сен кичүүсүң: «Бир күн туз таткан жериңе, миң күн салам бер!»- деген улуу сөздү назар тутуп, өткөн ишти көбүртүп-жабырта бербей, ар-кимдин тукуруусуна азгырылбай Айчүрөк эжеңдин ачуу үстүндө айткандарына капалана бербей, эжеңди кечиргин?! Бирөөнүн үйүндө бир күн жашай албайсың. Сен Айчүрөк эжеңдин үйүндө 4 жыл бекер жашап, бекер 3 мал тамак ичип, концерттерге чыгып, аз да болсо сахнанын сырларын үйрөнүп, көрүүчүлөрдүн кол чабуу ыразычылыгын алганың бүгүнкү ырчылык жетишкендиктериңдин башаты болгон деп, так, кесе айта аламын ! Беш жаштагы Арген балабыздын, балалык эркелигин «кордогон» дегенин бир аз туура эмес болуп калган… Бала баарыбызда бар, эркелиги, шоктугу, ыйлактыгы, тежиктиги менен биздин зор байлыгыбыз деп эсептеймин! Менде да, сенде да, Айчүрөктө да бала бар ! Ошондуктан балдарыбызга эч качан тил тийгизбейли !? Жанин ,сен дагы акыл-эстүү, баам-парасаттуу, иштеген жериңде урмат сыйга татыган айымсың! Сенден да өтүнөм, Айчүрөк эжеңден дагы бир жолу кечирим сура, кайра бул окуяны жаңыртпайлы, сени тукургандардын бирөөсүн да укпагын!? Экөөңөрдүн уруш-жаң-жалыңар бекерчилерге эрмек болду! Ал эми азап-тозокту экөөңөр тарттыңар! Болду кыздар, жазгандарыңарды токтоткула, бир-бириңерди жамандап жазган постторду өчүргүлө, ынтымакташып, кечиришип, бир ай бою нервиңерди жеген, ден-соолугуңарды алсыздандырган ушул ызы-чууга чекит койолу?!!деген пикирин жазып калтырган.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу