Гүлшайыр Садыбакасовага мырзалар жагымдуу сюрприз жасашты…

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Ош мамлекеттик филармониясынын жетекчиси, “Кыз Бурак” тобунун негиздөөчүсу Гүлшайыр Садыбакасова кечээ фейсбуктагы жеке баракчасына, ага кимдер сюрприз жасаганын жазып, мырзаларга ыраазычылык билдирди.

Гүлшайыр Садыбакасова фейсбуктагы баракчасына:

«@lutfilla_busurmankul_uulu балам «Шеф, менде проблема болуп калды, жардам бериңиз»-дегенинен учуп жетип барсак, ырчы балдары менен «Айдай эжем Гүлшайыр»- аттуу ырды ырдашып, кучак толо гул сунуп, бизди куттуктап тосуп алышты. Күтүлбөгөн жагымдуу маанай тартуулаган жигиттерге чон ыраазычылык билдиремин!!!”,- деп жазды Садыбакасова.

Көрсө Луфтилла Бусурманкул уулу Гүлшайыр эжени маселе болуп калды деп чакырган экен. Гүлшайыр эже барган жерде ырчы мырзалар кучак толо гүл көтөрүп, “Айдай эжем Гүлшайыр” деп ырдап куттуктаганы абдан жагымдуу таасир калтырган.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу