Гүлнур Сатылганова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «Абдылда Иманкуловдун наам алганына абдан сүйүндүм…»

Жыл сайын сыйлыктар жөнүндө жарлык чыгаары менен коомчулук туура эмес берилди деп ызы-чуу түшүп калчу эмес беле. Акыркы бир жылдан бери мен андайды көрө элекмин. Кудайга шүгүр, калыс акыйкат чечилип жатат. Менин уккандарыма караганда президент: «Акыйкат карагыла, чыгармачыл адамдар бааланбай калбасын»-деп өзү да карап жатыптыр. Мурдагы токтом чыкканда дагы Айбек Карымов, Шахрезада Аскарова деген ырчыларыбыз эмгек сиңирген наам алганда аябай кубандык эле. Биз менен кошо эл кубанды. Бул ирээт Абдылда Иманкуловдун наам алганда сүйүнбөгөн адам калган жок окшойт. Карапайым адамдар өздөрү эмгек сиңирген артисти болгондой сүйүнүп куттуктап жатышат.

БУЛАК:De-facto

Аргумент.kg
Жооп калтыруу