Гүлнур Жалилова, Чубак ажынын жубайы: “Күйөөмдүн балдарды өлтүрөм (чычкандын уусун берип) деген сөзүнөн улам корком”

Чубак ажынын аялы Сезим кризистик борборуна кат жазды. Катында, «Мен Жалилова Гүлнур Турдалиевна 1980-жылы 17-июлда төрөлгөнмүн. Менин жолдошум Жалилов Чубак Тажибаевич экөөбүз 17 жыл жашадык. Ортобузда беш балабыз бар. Мен өзүмдүн жана балдарымдын жашоосуна (өмүрүбүзгө)корком. Күйөөм экөөбүздүн жашообуз жакшы болбой жатат. Күйөөмдүн балдарды өлтүрөм (чычкандын уусун берип) деген сөзүнөн улам корком. Бул адамдын тапанчасы (пистолети) да бар. Азыркы болуп жаткан окуялар да жана балдарыма зыяны тийип калабы деп корком. Күйөөм, мен балдарым менен жашаган үйгө келишин каалабайм. Балдарын айына бир жолу көрүшүн каалаймын. Балдарымдын башын айлантып, окуусуна ушул окуялар абдан тоскоол болуп жатат. Тиешелүү органдар мага жардам берүүңүздөрдү суранам» , деген каты социалдык тармакка тарады. Тилекке каршы катта ажынын жубайы өзүн тастыктаган кол тамга калтырган эмес.

Эске сала кетсек, бир нече күн мурун мурдагы муфтий Чубак Ажы Жалиловдун экинчи жубай алгандыгына байланыштуу кылмыш иши козголгон. Кечээ, 8-декабрда Жалиловго болгон кылмыш иши токтотулган. Бул тууралуу маалыматты  жактоочусу Акин Токтоналиев билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу