Гүлнур Асанова, ырчы, актриса: “Шоу-бизнеске аралашканыма өкүнөм”

Комуздун коштоосунда обон созгон ырчы Гүлнур Асанованы эл актриса катары
да тааныйт эмеспи. Анын кубулжуган үнүнө, актёрдук чеберчилигине баа берген
күйөрмандар арбын экени талашсыз. Жеке жашоосу, чыгармачылыгы тууралуу
маек куруп берген ырчы, актриса Гүлнүр Асанова бизде конокто болду.

Максатым
Атымды чоң энем бир тууган эжем Айнурга уйкаштырып, Күн Нур деп койгон экен.
Жеке жашоо тууралуу айтсам, учурда бойдок кыздардын катарын толуктайм. Кудай
буйруса, бактыма бир кыргыздын чыгаан мырзасы тургандыр. Бул жашоодогу
максатым – маданиятка кандайдыр бир деңгээлде салым кошуп, бул чөйрөдөн
өзүмдүн олуттуу ордумду тапсам дейм. Жеке жашоодо да бакытка бөлөнүп жашагым
келет. Бактылуу үй-бүлө куруу жана сүйүктүү жар, мээримдүү эне болуу дагы – негизги
максаттарымдын бири десем болот.

Болочок жолдошум…

Ыймандуу, билимдүү, токтоо, анан дагы мактанчаак сапаты жок болсо дей берем.

Чыгармачылыгым тууралуу

Эң алгач 6 жашымда Жалал-Абаддагы филармонияда ырдап чыккам. Ошондогу
кубанганым азыр да эсимде. Өзгөчө сүйүнгөм. Жалал-Абад жергесин түрө кыдырып,
Аксы районунан Чаткалга чейин концерт коюп барып келгенбиз. Кийин Бишкекке
келип Улуттук консерваторияда окуп жүргөнүмдө Спорт сарайда болгон концертке
комуз менен ырдап чыккам. Эл жакшы кабыл алып, дүркүрөтө кол чабууларга ээ
болгом. Ырчынын байлыгы — күйөрмандарынын кол чабуусу экенин ошондо
түшүнгөм. Өзүмчө кудуңдап үйгө келип алып, кол чабууларды улам-улам эстеп,
сүйүнгөнүм да эсимде калыптыр. Ал эми кино жаатында кеп кылсам, 6 жашымда
кастинг аркылуу өтүп, “Карагул ботом” киносуна тартылгам. Ошол кинону азыр көрсөм,
балалыгымды эстейм. Андан кийин өзүңүздөр билгендей көп эле тасмаларга
тартылдым, бирок алардын бири да эмнегедир купулума толбойт.

Шоу-бизнеске аралашканыма өкүнөм…

Чынын айтсам, бизде шоу да, бизнес да жок. Өзүңдүн кесибиңдин майын чыгара
иштеп, жемишин көргөндө албетте сүйүнөсүң. Ал эми кээде шоу-бизнеске
аралашканыма өкүнөм. Анткени, убакыттын өтүшү менен үй-бүлөгө көңүл буруу
зарыл болот. Ошондо же чыгармачылыкты же үй-бүлөнү тандоо керек болуп калат.

Сахнадагы формаларымды апам тигип берчү

Чыгармачылыкта көп эле кыйынчылыктарды көрдүм. Жашоодо ак-кара чогуу жүрөт
экен. Эмнени уттурсам, кайра ошончо нерсени утуп жаттым. Ар кандай сөздөр
айтылды дегендей. Менин дарегиме айтылган ушактарга азыр көңүл бөлбөй калгам.
Кандай учур болбосун, апам менен эжем мени колдоп турду. Апам колунан көөрү
төгүлгөн уз киши. Кичинемден бери сахнага кийген көйнөктөрүмдүн көбүн апам өз колу
менен тигип берген.

Ишенген досторум аз

Чыгармачылыктагы ишенген досум деп Асеманы айта алам. Ал эми
чыгармачылыктан тышкары Мика (Миргүл) деген курбум бар. Ага ишенем! Экөөбүз
көбүнчө чогуу жүрөбүз. Мени ар тараптан колдоп турат.

Фобиям

Жалгыздык

Хоббим

Жаратылыш койнунда эс алуу жана чет өлкөгө саякаттоо.

Чет өлкө менен Кыргызстандын айырмасы…

Чет өлкөлөрдө экономикалык абалыбыз менен айырмаланып турабыз. Ал жакта
маданиятка болгон көз-караш да башкача. Тагыраак айтканда, искусство адамдарына
мыкты колдоо көрсөтөт. Кыргызстандын келечеги кең! Кыскасын айтсам, биз дагы
Япониянын Херасимадан кийинки өнүгүү методун колдонсок адашпайбыз дегим
келет. Анткени, Япония маданият менен өнүккөн. Биз дагы дал ушул өлкөдөгүдөй
алгач маданиятыбызды жогорулатышыбыз керек.

Булак: gezit.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу