Гүлназ ЧЫНЫБЕК кызы: “Есмахандын мени сотко бергени тууралуу силер сыяктуу эле интернеттен окудум”

Казак ырчысы Ерке Есмахандын “Алматыда жок, жок, Астанада жок, жок” деген саптары бар “Кайда” деген ырын кыргызчага которуп ырдап чыккан Гүлназ Чыныбек кызы учурда талкуу жаратууда. Себеби бул кызды казак ырчысынын ырын которуп ырдаганды үчүн Есмахан сотко бериптир деген кабар аалам тордо желдей тарады. Ал эми Гүлназ өзү бул тууралуу эмне дейт болду экен?

– Гүлназ, алгач жакындан таанышып алалы?

– Жакшы болот, менин атым Гүлназ, 29 жаштамын. Өзгөн районунун Мырзаке деген айылынан болом. Кесибим журналист, окууну жаңы аяктаган жылдары аз убакыт Ош телевидениесинде диктор, кабарчы болуп иштегем. Анан турмуштук шартка байланыштуу соода-сатык иштери менен Казакстанга иштеп кеттим.

– Анда казак эстрада ырчысы Ерке Есмаханга ошол жакта жүрүп таасирленгенсиң го?

– Негизи чыгармачылыкка аралашып калуумдун башаты Казакстан болуп калды окшойт. Кызыл-Ордонун Байкоңур деген шаарында эжем менен жездем соода кылышчу. Мени чакырганынан мен да барып иштеп калдым. Талант деген талант экен, кайсыл жер, кайсыл убак болбосун жарып чыгат тура. Ошол чакан шаарда Айбек Куатбаев деген ырчы бала дуэт ырдаганга кыз издеп жатат деп угуп калып издеп бардым. Ырдаганымды казак жигит жактырып, иштеше баштадык. Алгач казак тилинде, андан кийин кыргыз-казак тилинде тойлордо, концерт, ар кандай кечелерде ырдап жүрдүк. Айбек экөөбүз тойлорду алып барып тамада да болуп жаттык. Ал эми Есмахандын “Кайда” деген ырын укканда эле жактыргам. Анан “Астанада жок, жок, Алматыда жок, жок” деген жерлерине “Ош, Баткенде жок, жок, Бишкек, Чүйдө жок, жок” деп ырдасам сонун болот деп ойлоп, бул ырды которуп ырдоо идеясы жаралды.

– Анан Есмахандын уруксаты жок эле ырдап чыктыңбы? Интернетте Есмахан сени сотко бергендиги тууралуу айтылып жатат?

– Бул ыр чыкканда эле Есмахандын менеджерине чалып которуп ырдоо боюнча уруксат сурагам. Анда ал: “Автордун өзү менен сүйлөшүңүз”,- деп номерин берди. Автор менен байланышсам: “Ырдоого болот, бирок сатып алыңыз”,- деди. Мен макул болуп бир жумадан кийин Алматыга барып, ырдын автору Диана Исмаиловадан 100 миң теңгеге ырдоо укугун сатып алдым. Негизи ырдын идеясы Диананыкы экен, бирок бир акынга оңдотуп жаздырганын айтты. Канча пайызы Диананыкы экенин так билбейм. Тилекке каршы, ортодо кагаз түрүндө келишим түзбөптүрбүз. Бирок далил катары Диана менен түшкөн сүрөттөрүбүз бар. Ал эми сот тууралуу айтсам, мага расмий түрдө эч кайсыл соттон чакыруу келген жок. Мен да сиздер сыяктуу эле бул маалыматты интернеттен окудум.

– Ырды каяктан жаздырдың?

– Ал жакта ыр жаздырып, клип тарттыруу Кыргызстанга салыштырмалуу аябай эле кымбат. Ошого карабай бул ырды мен Чымкентке барып аранжировка жасатып, ошол жактан жаздырдым. Бирок клипти Бишкекке келип тарттырдык. Салыштыруу болбосун деп мүмкүн болушунча клипти Есмахандыкына окшоштурбай тартканга аракет кылдык. Ошентип бул ырды теле-радиолорго бердим. Азыр эки өлкөдө тең ырдап жатам.

– Котормо ыр ырдап талкуу жаратып, кыргыз шоу-бизнесине кирип алдың окшойт, бул ырды которууда акындардын жардамын пайдаландыңбы?

– Кайсыл бир деңгээлде сиз айткандай кыргыз шоу чөйрөсүнө аралашып калышыма ушул ыр себепкер болду десем болот. Бирок казакча ырды которуп ырдагандардан мен жалгыз эмесмин. Мындай көрүнүш казак менен эле кыргыздын ортосунда эмес, дүйнөлүк маданиятта деле кездешип келген, кездеше берет. Мунун эч кандай коркунучу деле жок, жаңылык деле эмес деп ойлоймун. Ал эми которуу боюнча айтсам, өзүм казак тилин жакшы билем. Которуп, апам тилчи болгондуктан ага көрсөттүм. Андан кийин бир акын эже бир сыйра карап берди.

– Эми чыгармачылыгың кайсыл өлкөдө уланат?

– Клипти тартып баштагандан бери Бишкекте болуп жатам. Кудайга шүгүр, тойлорго чакыруулар эмитен эле абдан көп. 5 күнгө Ошко барып келдим, 5 күн тең күнүгө тойго барып жаттым. Эми чыгармачылыгымды Кыргызстанда улантайын деп жатам. Бирок мында келгени мага жол көрсөткөн деле бирөө болгон жок. Өз киндигимди өзүм кесип жүрөм десем болот. Жакында Азамат деген менеджер жигит менен келишим түзүп иштей баштаймын. Буюрса, алдыда дагы жакшы чыгармаларга күбө болосуздар.

– Өзүңдүн музыкалык билимиң барбы же ырдоо жөн эле хоббиңби?

– Кичинекей кезимде музыкалык мектептен билим алгам. Тынбай ырдачумун, Гүлнур Сатылганованы кумир тутат элем. Ал эже ырдап жатканда уктап жаткан жеримден ойгонуп кетчүмүн. Азыр классташтарым: “Биздин Гүлнур Сатылганова”, — деп сыймыктанып жатышат. Мектепте окуп жүргөндө маданият министри элем. Ар кандай кароо-сынактарды уюштуруп, өзүм алып барып, өзүм ырдап, интермедия аткарып жүрүп чоңойгом. Акыры бала кездеги кыялыма жетип отурам, туугандарым: “Биздин жылдыз”, — деп кубанып жатышат.

– Сөзүбүздүн аягында жеке жашооң тууралуу да айта кетсең, турмушка чыктың беле?

– Азырынча жеке жашоом тууралуу маалымат бербей турайын деп чечтим. Элдер үчүн менин чыгармачылыгым кызык деп ойлоймун. Ал эми ата-энемдер тууралуу айта кетсем, атам Чыныбек, апамдын аты Клара. Экөө тең кыргыз тилчи, адабиятчы. 30 жылдан бери мугалим болуп иштеп келет. Мен 6 бир туугандын төртүнчүсүмүн.

Булак: lady.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу