Гүлзат Байзакова: «Гүлбүбүдөн айрылгандан бери асыл буюмумду жоготкондой буулугуп жүрөм.»

Дос деген ыйык нерсе, эгер аны баалай билсе… Ырчы Гүлбүбү Ороскул кызын досу, Гүлзат Байзакова эскерет:

— Гүлбүбү экөөбүз “Достор” тобуна чейин эле ал студент кезинде таанышканбыз. Бир жолу тебетей тиккен Гуля эжеге бармай болдук. Анда экөөбүздүн тең унаабыз жок. Бир топ жерди жөө жүрүп таап барганбыз. Бул тууралуу Гүлбүбү дайыма: “Эже, билесизби, ошондо мени жашсынтып барбай койбой ээрчитип барып тебетей тиктирип бергенсиз”,- деп көпкө айтып жүрдү. Адамдын кылган жакшылыгын эзели унутчу эмес. Өзү да дайыма жакшылык кылгысы келип турчу.

Сахнага чыкканда “Достор” тобундагы кыздар бири-бирибиз менен көз менен сүйлөшөбүз да. Бир жолу Токтогул районуна концерт коюп бардык. “Кошуңуз, агай” деген жаңы чыгарманы аткарып атканда алдыңкы катарда турган мырза аябай кол чаап жакшы отурду. Гүлбүбүгө “бийге тарт” деп көз ымдап койдум эле дароо түшүндү. Экөө бийлеп, кайра башка кыздар менен ыр бүткүчө жыргап бийледи. Кийин кетели деп атсак ошол мырза “толтура элдин арасынан мени бийге чакырганыңарга ыракмат” деп аябай сыйлап узаткан.

Гүлбүбүнүн асыл сапаттарын санай берсем түгөнбөйт. Андан айрылгандан бери асыл буюмумду жоготкондой буулугуп жүрөм. Топтун ичинде да ортобуз аңырайып томсоруп отуруп калдык.

Булак: «Леди кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу