Гүлзада Рыскулова: » “Мындай жашоого такыр көнө албай койдум…”

Өзүнүн өзгөчө жагымдуу үнү, сахнада кийген кийимдери менен кыргыз шоу-бизнесинде өзгөчөлөнүп турган Гүлзада Рыскулова менен маектештик. Шарт болгондо ырдап, аны менен катар балдарын тарбиялоого жетишип, аялзаты катарында жолдошуна көңүл буруп кам көрүп, ошол эле кезде өзүнүн чыгармачылыгын дагы таштабай келе жатат. Бул күйөрмандарын сыйлагандык, эмгек сиңирген артист деген наамга татыктуу болуунун аракети деп түшүнсөк болот.

—Гүлзада айым, балдарыңыздын кичинекейине карабай сахнаны таштабай келе жатасыз. Жеңил эмес болуш керек..?
—Балалуу болгон соң анын ырахаты менен бирге чоң жоопкерчилиги бар. Ошого карабастан ырдоо кесибим болгондуктан ар кандай шартта обон созууга туура келет. Айрым учурларда ырдап чыкканча балдарым машинамда олтуруп турушат. Узак жолго чыкканда кээде чогуу алып кетем. Бала деген бат эле чоңоюп кетет экен. Ушундай таттуу болуп, биринин буту, экинчисинин тили чыгып аткан кезинде көбүрөөк жандарында болсом дейм. Уулдарым менен кошо болсом, дүйнөм түгөл, эч нерсени ойлонбойм.
—Алысыраак сапарга чыксаңыз балаңызды кимге калтырасыз?
—Чет өлкөгө кеткенде жолдошума ишенип, балдарды ага табыштайм. Ал бала десе үзүлүп түшкөн камкор ата. Мындан сырткары апам, бала багуучулар дагы кичинекейимди алып калышат. Бирок жеке бала багуучуга үч-төрт күнгө балдарымды таштай албайм. Жолдошума таштасам деле баргандан келгенче телефон чалып санаам тынчыбай, оюмдун баары балдарымда болот.
—Ар бир клиптериңизде же иш-чараларга кийген формаларыңыз өзгөчөлөнүп турат. Баасы жагынан алганда эң кымбаты канча турат?
—Аял катары форма тиктирип жатканда алгач кездемесине көңүл бурам. Жибектен, баркыттан тигилген кийимдер жагат. Алгач сахнага чыгып жүргөндө оймолору бар кийимдерди кийчүмүн. Азыр болсо эки ырчынын биринде андай кийимдерди көрүүгө болот. Учурда такыр башкача стилдеги форма тиктирүүнү каалап, пландап жүрөм. Баасы болсо сыр болсун.
—Чет өлкөдөгү кыргыздар тойлоруна чакырышабы? Мындай учурда гонорардын баасы жогору болсо керек же шартына карайсызбы?
—Өмүрү ата-бабам барбаган жактарга чакырган учурлар болот. Андан тышкары Казакстанга көбүрөөк барып, күйөрмандарымды сүйүндүрүп келем. Казак-кыргыз бир тууган деген сөз бар. Биздин ырларды казактар деле жактырып ырдап, той учурда кошо бийлешет. Башка өлкөгө барганга гонорарды көбүрөөк айтабыз. Аны чакырган тарап туура эле түшүнөт.
—ММКлардан көрүнбөйсүз, социалдык тармактарга азыраак олтурасыз, жолдошуңуз тыюу салып, чектеп турабы?
—Акыркы үч жылдан бери теле-радиого чыкканга жан дүйнөм жар бербей жүрөт. Социалдык тармактарга деле көп олтурбайм. Жүрөгүм тартпайт, инстаграммга сүрөт жүктөп, баарын карап олтура албайм. Антейин десек бул биздин милдет. Элге чыгып айтып турбасак, азыр атаандаштар жетиштүү. Күйөрмандар күтүп, издеп калышы мүмкүн. Замандын талабына ылайык тынымсыз социалдык тармагыңды жаңылап турбасаң болбойт окшойт. Мындай жашоого такыр көнө албай койдум. Баланча тамакты жедим, тигини муну алдым деп кадамымды санап бере албайм. Кечээ эле бир ырчы эжекем «барып келген чоң иш-чараларды деле чагылдырып кой да» деп айтты. Эл иштеп атабы, жокпу деп азыр баракчаңды карап калышыптыр.
—Социалдык тармактан сүйүүсүн арнагандар барбы?
—Ар кандай адамдар болот. Жеке баракчам аркылуу каалоо-тилектерин айтып, айрымдары жолугушууга чакырышат. Жолдошум аларды туура түшүнүп, кабыл алат. Ушул жагынан ага аябай ыраазымын. Кээде аша чаап кетип бараткандарды акырын гана жооп бербей коём. Катуу айтып көңүлдөрүн калтырбайм.
—Жеке концерт берүүгө деле репертуарыңыз даяр болсо керек, качан деп жатасыз?
—Жакшы концерт бергенге көп каражат керек. Жакшы каражат жумшап, эл көп келсе дагы пайда табуу деги эле мүмкүн эмес. Имидж үчүн концерт койсок каражатка келгенде акчалуу демөөрчү болбосо, өзүң чоң чыгым болосуң. Ырчылар муну ачык эле айтып жүрөбүз. Муну айрым ырчылар көтөрө деле албайт. Ушул себептен концерт бербей жатат окшойм. Буга чейин жеке концертимди бергем. Жандуу үн менен 2 саат бою жалгыз өзүм ырдап эл менен болгом. Кудай буюрса, алдыда дагы концерт берээрмин. Бирок так датасын айта албайм.
—Чыгармачылыктагы жаны ырларыңыз тууралуу айта кетсеңиз?
—Ашык Вейсель деген түрк дүйнөсүнүн атактуу философ акыны бар. Буга чейин ал акындын «Күндүз кечте» деген ырын ырдап жүргөм. Учурда «Кара топурак» деген чыгармасына обон жаздырып, даярдап жатам. Ыр эки тилде, кыргыз жана түрк тилин де жарыкка чыгат. Жакында Түркияга болгон сапарда угармандарга сунуштайм. Ал жактан келээрим менен бул ырдан клибин тартууну дароо баштайм. Кудай жалгап демөөрчүлөрү дагы даяр болуп калды.
Сезим Мураталиева
Булак: «Мантыш»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу