Генерал Мирзакматовдун дагы бир калпы аныкталды

Бир эмес, эки кылмыш иши козголгон генерал Рыспек Мирзаматов «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болом деп дагы эле делөөрүп жүргөнү жалпыга маалым.

Белгилүү болгондой ал Ооган согушуна катышпаса да, кызматта турган кезде өзүнө өзү «катышкан» деген жалган күбөлүк жасатып алып, жалган ооганчы болуп 2010-жылдан бери мамлекеттен ай сайын 6 миң сомдон (ал жалпысынан 7 жылда 624 000 сом алган) пенсия алып келген. Бул былыгы билинип, бир нече кылмыш иши коз-голгонуна карабай, ал өзүн «чыныгы ардагер» экенин айтып, чырылдап келет.

Мирзаматов 1983—жылдары Ташкентте жогорку окуужайды бүтүргөн. Ал Түрк ВОнун башчысына 1985-жылы Оо-ганстанда болгон деп кошумча тизме менен жаздырып алганы да ачыкка чыккан.

Ага козголгон кылмыштын негизинде тиешелүү органдар тарабынан Түрк ВОдон да так маалымат суралган. Натыйжада Түркмөнстандын коргоо министрлигинин архивинен Мирзаматов кызмат кылган 51087 аскер бөлүгү 1985-жылы Ооганстандагы согушка катышпагандыгы боюнча маалымат келгендиги айтылууда.

Эске сала кетсек, Мирзаматов жанын жеп аталган аскер бөлугү Ооган согушуна кыска убакытка катышканын айтып келген. Эми минтип калпы калкып чыкты. Деги, бул генералда бет дегенден беш грамм да калбаган окшобойбу. Кыскасы, жалган ооганчы ооган согушуна катышкандыгы боюнча кандай кеп айтса да анын баары минтип иш жүзүндө далилденбей, жалганга чыгып жатат. Алдыда дагы кандай былыктары чыгаар экен…

Булак: Багыт.кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу