Владимир Жириновский: «Ысык-Көлдү 99 жылга ижарага бергиле. Биз пенсионерлерди, майыптар менен студенттерди эс алууга бекер жөнөтөбүз»

“Кыргызстандын Россияга болгон карыздарын кечүүнүн ордуна алар менен Ысык-Көлдү Россияга ижарага берүүнү макулдашыш керек, алар ушундай жол менен карызын төлөшү зарыл”, – деп билдирди журналисттер менен болгон жолугуусунда. Бул тууралуу Россиянын бийликтерине жакын болгон Регнум маалыматтык агенттиги билдирди.

19-январда Россиянын Мамлекеттик Думасы Кыргызстандын $240 млн карызын кечүү боюнча протоколду ратификациялоо маселесин караган.

“Алардын карыздарын кайра эле кечип жатабыз – аларга карыз бербеш керек. Дегеле эч кимге карыз бербеш керек, алардын ордуна Россия гүлдөп-өсүшү зарыл, ошондо алар бул жакка, бактылуу жана бай мамлекетке жашаганга өздөрү качып келишет. Антпесе Россиянын көп жерлери жакырчылыкта жашап жатса биз башкалардын карыздарын кечип жатабыз”, – деди Жириновский.

“Мен Кыргызстанга эбак эле “силерде Ысык-Көл деген көл бар, ошону Россияга 99 жылга ижарага бергиле, ошондо силер карызыңарды жабасыңар” деп айткамын. Биз Ысык-Көлгө биздин пенсионерлерди, майыптар менен студенттерди эс алууга бекер жөнөтөбүз,” – деди Владимир Жириновский.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу