Видео – Кеңешбек Дүйшөбаев: “Атамбаев премьер-министр болсун деп, Бабановду мен араң көндүрдүм эле…”

Экс-президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн “Апрель” телеканалына берген интервьюсунда, Жогорку Кеңештин “Ата мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовдун сөзү менен айтканда,“үстүнө жугунду куйган” адамдардын бири – УКМКга 2010-11-жылдары жетекчилик кылган генерал Кеңешбек Дүйшөбаев.

Генерал “А.Атамбаевди бийликке алып келүүгө ал өзү азыр ашатып аткан Р.Отунбаева, А.Бекназаров, Э.Каптагаевдер сыяктуу сиз да үлүш кошконсуз. Өзүңүздөрдү кайсы бир деңгээлде айыптуу сезбейсиздерби?” деген суроого жооп берди.

“Биздин максат Бакиевдин режимин кулатып, элдин кызыкчылыгын көздөгөн жаңы бийлик алып келүү болчу. Ошол максатта Алмазбек Атамбаев менен бир командада болуп калдык. Алгачкы учурларда ал “мамлекет үчүн, эл үчүн керек болсо жаныбызды, каныбызды аябай иштешибиз керек” деп кайра-кайра кайталаган, мамлекетке, элге өпкө-жүрөгүн чапкан, таптакыр башка адам болуп көрүнчү. Ошентип бизди ишендирип, бийликке жетип, чыңдалып алгандан кийин таптакыр башка адамга, өзү айткан ажыдаарга айланбадыбы… Мен кийинчерээк аны байкап калып: “Ой, биз кандай адамды бийликке алып келип алганбыз?..” деп, Роза Исаковнага, Эмилбек Каптагаевге айтып калсам, Отунбаева: “Эми андан башка тандоо болбой калбадыбы?” деп калчу”, – дейт К.Дүйшөбаев

Кеңешбек Дүйшөбаев Атамбаевге ишенгендиктен, анын 2010-жылкы парламенттик шайлоодон кийин премьер-министр болуп шайланып, реалдуу бийликке жетишине себепчи болгон. Жаңы парламентте өкмөт куроо демилгесин ошол учурдагы президент Р.Отунбаева адегенде А.Атамбаевдин КСДП фракциясына тапшырган. Бирок, А.Атамбаев алгачкы аракетинде өкмөт курай албай калып, өзүнүн өкмөт башкаруу мүмкүнчүлүгүн колунан чыгарып, аргасыз абалда калган болчу. Ошондо “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен жекече суйлөшүп, кайра өкмөт куроодо Атамбаевге өкмөт башчылыкты ыйгарып, өзү вице-премьер кызматына ыраазы болушуна аны көндүрүп, Атамбаевди аргасыздыктан куткарып кеткен да К.Дүйшөбаев болгон.

Эске салсак, президент Р.Отунбаева өкмөт түзүү укугун экинчи жолкусунда Ө.Бабанов башкарган “Республика” фракциясына ыйгарган болчу. Албетте, “премьер-министрликти Атамбаевге бересиңер” деген талап менен.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу