Видео – ИИМ: Өзгөчө оор жана оор кылмыштарды жасашкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты

Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери өзгөчө оор жана оор кылмыштарды жасашкан кылмыштуу топ ашкереленди. Адам өлтүрүү, куралчан карактоо, тоноо, ири өлчөмдөгү уурулук жасашкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн бири кармалды. Бул тууралу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
2018-жылдын май айынын башында Аламүдүн районунун Көк-Жар айылынын белгисиз адамдар тоноо максатында үйдүн короосуна киришип, “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү автоунаанын терезесин талкалашып, унаанын ичиндеги 6000 сом акча каражаты менен документтери салынган барсетканы уурдап кетишкен. Кылмыш жасалган учурда тоноочуларды үй кожоюндары көрүп калышып, кармоого аракет жасаган учурунда кылмышкерлердин бири тапанчадан төрт жолу ок чыгарып, андан соң окуя болгон жерден издерин жашырып качып кетишкен. Жыйынтыгында үй ээсинин 21 жаштагы баласы жабыркап, медициналык жардам көрсөтүлгөн. Аталган үйдүн ээси Улемдер кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматов экендиги маалым болгон. Аталган факты Аламүдүн РИИБде катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 4-бөлүмү (Каракчылык) жана 164-беренесинин 3-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.

2018-жылдын 23-июнунда белгисиз адамдар тарабынан акча алмаштыруу пунктунда тоноо жасалган. Болжол менен таңкы саат төрттөрдө бет капчан үч белгисиз адамдар куралданып алып Аламүдүн районунун Ленин айылында жайгашкан акча алмаштыруу пунктун тоноо үчүн кирип барышкан. Кылмышкерлер коргоочу темир торго трос байлашып, автоунаага бекитип тартышып жулуп алышкан. Андан соң, терезени талкалап, акча алмаштыруу пунктунун жумушчуларына тапанчадан ок чыгарышып, тоноочулар 850 000 суммасынан ашык акча каражатын ээлеп алышкан. Бул факты боюнча Аламүдүн РИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин 4-бөлүмү (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш жасоого колдонулган “SsangYong Musso” үлгүсүндөгү автоунаасы шаардын четинде кароосуз калган жеринен табылган. Автоунаанын ээсинин өздүгүн тактоо учурунда ал 1961-жылы туулган А.Юсуфов экендиги жана такси кызматында иштегендиги такталган. Үч күндөн кийин 26-июнь күнү айдоочу-таксисттин киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси Ленин айылында табылган. Колу-буттары байлануу болгон. Чүй ОИИББдин тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгошкон. Кылмышкерлер каракчылык жасоодон мурда “SsangYong Musso” үлгүсүндөгү автоунаасына ээ болушуп, андан соң акча алмаштыруу пунктуна барышкан. Тоноодон мурда адам өлтүрүшкөндүгү аныкталган. Акча алмаштыруу пунктунун тонолгону шаарды ызы-чууга салып, кеңири коомдук кызуу талкуу жараткан. Криминалдык милиция кызматынын тажрыйбалуу ыкчам кызматкерлери тыкыр жана дыкаттык менен талдоо жүргүзүшкөн. Кол салгандардын кандайдыр-бир белгилеринин жоктугунан кылмыш ишин иликтөө оор болгон, бирок мурда шаар ичинде жана быйылкы жылы республиканын түштүк аймагында жасалган уурулук фактылары-жасалган кылмыштар окшоштугу менен мүнөздөлгөн, кылмышкерлердин изине түшүү максатында мурда соттолгондор менен издөөдө жүргөндөр текшериле башталган. Кылмыштын бетин ачууга жана кылмыштуу топтун катышуучуларынын өздүгүн тактоо үчүн криминалдык милициянын мыкты ыкчам күчтөрү тартылган. Ыкчам кызматкерлер республиканын түштүк аймагындагы кылмыш иши жасалган учуруна талдоо жүргүзүш үчүн видео кароо жүргүзгөн камералардын тасмаларын изилдеп чыгышкан.
2018-жылдын июль айынын аягында түнчүндө бет капчан белгисиз адамдар Жалал-Абад облусунун аймагында жайгашкан “Лига-Трейд” ЖЧКнын кеңсесине киришип, сейфти талкалашып, ичиндеги 290 000 ашык суммадагы акча каражатын жана башка буюмдарын уурдап кетишкен. Андан эки күн мурда Жалал-Абад шаарында “Партнер-Нефть” ЖЧКнын кеңсесине киришип, акча каражаты менен 450 тонна күйүүчү майдын (бензин) талондорун уурдап кетишкен. Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 3-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
31-июль караган түнү Ош шаарында белгисиз адамдар “Даннур-Юг” ЖАКнын имаратына киришип, кабинеттеги сейфти талкалашып, 60 миң АКШ доллар менен 2 миллион сомдон ашык акча каражатын жана башка буюмдарды алышып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып качып кетишкен. Материалдык зыян 7 миллион сомдон ашкан. Ош ШИИБи бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 3-бөлүмү (Уурдоо) менен кылмыш ишин козгогон.
КМКнын ыкчам кызматкерлери кылмыштуу топтун изине түшүштү. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү изин жашырып ар кайсы аймактарга жашынып качып жүрүштү. 2018-жылдын август айында Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ысык-Көл облусунун аймагынан жогоруда аталган кылмыш иштерине шектүү катары мурда уурулук, каракчылык, бейбаштык, баңгизат менен соттолгон Ысык-Көл облусунун 1993-жылы туулган Б.Ы. аттуу жашоочусу кармалган.
ИИМдин КМКнын ыкчам кызматкерлеринин мурда божомолдошкон ой-пикирлери туура чыккан: кармалган жарандын шериктеши мурда каракчылык, зордуктоо, тоноо менен бир нече жолу соттолгон жана оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын аймагында издөө жарыяланган Талас облусунун 1986-жылы туулган жашоочусу Бекмурзаев Жылдызбек болуп чыккан.
2017-жылы ички иштер министрлиги Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы уюмдардын, мекемелердин мүлктөрүнө кол салып (каракчылык), уурулук менен алектенген уюшкан кылмыштуу топту ачыктап, жолуна бөгөт коюлгандыгы тууралуу маалымдаган. Бул уюшкан кылмыштуу топтун эсебинде коомчулукта кызуу талкуу жараткан белгилүү кылмыштар, анын ичинен көп сандагы курал-жарактарды жана ири суммадагы акча каражаттары уурдоо, кол салуу (каракчылык) кирет.
2017-жылдын февраль айында Бишкек шаарынын Ж. Абдырахманов көчөсүндө жайгашкан “Цзи Сянь” кытай ресторанына, өткөн жылдын март айында “НСК” камсыздандыруу компаниясынын кеңсесине, “Прод-Импекс” ЖЧКнын кеңсесине каракчылык жасалып, ири суммадагы акча каражаты, ушул эле жылдын апрель айында “Альфа-Секьюрити” ЖЧКдан көп сандагы ок атуучу куралдар, “ГипПрофи” жана “Кросс Инк” фирмасынын мекемесинен ири суммадагы акча каражаттары уурдалган. Жогоруда аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган жана алардын бирөөсү Россия Федерациясында жашынып жүргөн жеринен ИИМдин КМКнын ыкчам тобу жана Москва шаарынын ИИББдин Москванын кылмыш иликтөө бөлүмү менен биргеликте колго түшүрүлгөн. Ал эми кылмыштуу топтун уюштуруучусу жашырынууга үлгүргөн. Бирок, көп өтпөй ИИМдин ыкчам кызматкерлери анын жашырынган жерин аныкташкан. 2017-жылдын 21-июль айында Казакстан Республикасынын Костанай шаарында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Костанай облусунун Ички иштер департаментинин кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин өкүлдөрү, тез чара көрүү атайын отрядынын колдоосу менен Бекмурзаев Жылдызбек кармалган. Ал Казакстан Республикасынын чек арасынан мыйзамсыз өтүп, Алматы, Тараз, Костанай шаарларында жашырынып жүргөндүгү аныкталган. Изделип кармалган адамды өз өлкөсүнө экстрадициялоо меселелери чечилип жаткан. Бирок, Казакстанда аны өз өлкөсүнө экстрадициялабай, сот мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөндүгү үчүн Ж. Бекмурзаевди 6 айга эркинен ажыраткан, бул ал жерден тоскоолдуксуз качып кеткен. Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган. Аныкталгандай, Бекмурзаев Жылдызбек үйүнө келгенде жаңы кылмыштуу топ түзгөнгө жетишкен.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматы жарандарга кайрылып, изделип жаткан жарандын жашаган жери боюнча кандайдыр-бир маалымат биле турган болсоңор, төмөнкү номурлар аркылуу байланышып коюңуздарды суранат: (312) 26-62-61; (550) 101-086; (558) 919-199; (559) 148-310. Жашыруундулукка жана маалымат үчүн сыйлыктарга кепилдик берилет. ИИМдин Криминалык милиция кызматы жарандарга эскертет:өз алдынча кармоого аракет жасабагыла, изделип жаткан адам куралчан жана коркунучтуу. Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ИИМдин КМКнын кызматкерлери жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар башка жактардын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышат.

Булак: Kyrgyztoday.kg 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу