Видео – Журналисттик иликтөө Кыргызстанды Евразиялык биримдикке киргизүү алдында Атамбаев менен Темир Сариев берген убадалардын баары калп болуп чыкканын далилдеди

Кечээ, 2-декабрда жаш журналисттер Адил Турдукулов менен Булат Сатаркулов Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден бери 4 жылда эмне тапты жана эмне жоготту деген журналисттик иликтөөсүнүн биринчи бөлүгүн аяктап, коомчулукка тартуулашты. Ал иликтөө “Кыргызстандын автобазары: Бажы биримдигине киргенден кийинки 4 жылда” деп аталат. Анда журналисттер цифралар жана фактылар менен ошол кездеги президент Алмаз Атамбаев менен премьер-министр Темир Сариевдин Кыргызстан бажы биримдигине кирер алдында берген убадаларынын баары калп болуп чыкканын далилдешкен. Ал эми башкы каарман Темир Сариев асмандап сүйлөп, баягыдай эле актанып олтурат.

Ал эми экс-экономика министри Эмил Үмөталиев экс-экономика министри Темир Сариевдин кабинетинин ал чечимин “Марионеттик өкмөттүн чечими” деп сындады.

Видеотасма орус тилинде:

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу