Видео — ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү чемпион болду

Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын жеңүүчүсү болду. Финалда кыргыз көкбөрүчүлөрү Өзбекстандын командасын 32:9 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстан бул мелдеште жалпысынан үч оюн өткөрдү. Тайпалык мелдеште А тобунда ойноп, Монголия курама командасын 29:5 эсебинде жеңди. 2-турда Алтай командасынын оюнчулары Кыргызстан менен боло турган оюнга толук курамда чыкпагандыктан алтайлыктарга техникалык утулуш жазылды. Жарым финалда Кыргызстан Орусиянын Москва облусунун командасы менен беттешип, 23:5 эсебинде жеңип финалдык таймашка чыккан эле.

ДКО-2018: Көк-Бөрү. Финал: Кыргызстан-Өзбекстан 32:9

Бул мелдеште 3-орунду Казакстандын командасы алды. Казакстандыктар коло байге үчүн беттеште Орусиянын Москва облусунун улакчыларын 17:1 эсебинде утуп алды.

ДКО: Көк-Бөрү. 3-орун үчүн беттеш. Казакстан-Москва (Орусия) 17:1

2-сентябрда башталган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдештерге 11 команда катышты. Мелдештин байге фонду 6 млн. 200 миң сомду түздү. 1-орунга 3 млн. сом, 2-орунга 1,5 млн. сом, 3-орунга 1 млн. сом акчалай сыйлык берилди. Андан сырткары “мыкты оюнчу” жана “мыкты аргымакка” 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылды.

Көчмөндөр оюндарында көкбөрү боюнча мелдештер быйыл 3-жолу өткөрүлдү. Алгачкы оюндарда финалда Кыргызстан-1 жана Кыргызстан-2 командасы финалда ойноп, Кыргызстан-1 командасы 4:3 эсебинде жеңишке жетип, чемпион болгон. II Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын финалында Кыргызстан жана Казакстандын командалары беттешип, 15:3 эсебинде кыргыз көкбөрүчүлөрү жеңишке жеткен.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу