ВИДЕО: Гүлзат Мамытбек: «Ал ошондой мыкаачы»

Бүгүнкү күндө талкууга жем таштаган Гүлзат Мамытбектин мурунку күйөөсү менен балдарын талашканы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. Гүлзат өзүнүн ыйламсырап, жаракат алган колун тартып видео кайрылуу жүктөгөн. Төмөндөү видеодо ал көз жашын төгүп:

«Балдарымды алам деп барсам, атасы бербей койду. Өзүмдүн үйүмө өзүмдү киргизбейт. Менин үйүмдө жубайы менен жашайт. Азыркы аялына дагы учурунда мага кол көтөргөндөй балдардын көзүнчө кол көтөрүп айкырат экен. Менден мурунку аялын кызынын көзүнчө уруп колун сындырып, тишин үзө соккон. Мени дагы менин балдарымдын көзүнчө сабачу. Эл эмне дейт, ата-энемдин бетин жер каратпайын деп жашырып, ал адам менен 7 жыл жашадым. Балдарымдын психикасы дагы бузулду. Эми мен балдарым үчүн акырына чейин күрөшөм! Эч нерседен коркпойм!» — деген.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу