ВИДЕО-Бек Борбиевдин видеосу тамаша талкууну жаратты…

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ырчысы, обончу жана аткаруучу Бек Борбиев кечээ жакында фейсбуктагы баракчасына видео жүктөп: “Айылдан апам келип, досторун чогултуп, сагыныч таркатып, чер жазып олтурабыз”,- деп жазып элдин талкуусунда калды.

Чындыгында бул видеодо ырчынын апасы жана анын ошол курактагы курбулары белгилүү ресторандардын биринде дүр-дүйүм тамак-аш жайылган дасторкондо отурганын көрүүгө болот.

Бирок, ырчы Борбиев айткандай ал дасторкон четинде отурган апалар чер жазышпай эле ар бири бирден уюлдук телефонду тиктеп, унчукпай эле отурганын көрүүгө болот.

Бек мырза “чер жазып отурабыз” деп чын ниетинен жаздыбы же телефон тиктеп отурган апаларды тамаша ирээтинде жаздыбы айтор белгисиз.

Бирок бул видеону көргөндөр: “Өллө сүйлөшүп олтурушат го, сагынып калышкан экен да” деп какшыктап жазса, экинчиси: “Отурасыздар анан, ватсаптан чайдан алгыла деп жазып коюп” деп жазды тамашалай. Дагы бирөө: “Апасы бар инсан эч качан картайбайт, апаңыздын өмүрүн берсин” десе, экинчиси: “Ватсап аркылуу сүйлөшүп отуруубу?” деген сыяктуу тамаша-чын аралашкан комментарийлер биринин артынан бири кетти.

Бул шилтемеден чайканада отурган апалардын видеосун көрсөңүздөр болот:

https://www.facebook.com/bek.borbiev/videos/237533…

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу