Видео – Алмаз Атамбаевди туулган күнү менен куттуктаган соратниктеринин арасында КСДПнын саясый кеңешинин бир да мүчөсү көрүнбөйт

Бүгүн, 17-сентябрда экс-президент Алмаз Атамбаев 62 жашка толуп, КСДПчы партиялаштары аны туулган күнү менен куттукташкан иш-чара өткөрүштү. Ал иш-чараны фото-видеого тартышып, социалдык тармактарда таратышууда. Бирок, билермандардын айтуусунда куттукттоого туугандары, жек-жааттары жана жөнөкөй партиялаштары гана келишкен. Ал эми КСДПнын Саясый кеңешинен эч ким көрүнбөйт. Албетте абакта жатышкан Албек Ибраимов, Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Осмонбек Артыкбаев сыяктуу Саясый Кеңештин мүчөлөрү келе алышпайт. Бирок, Икрамжан Илмиянов, Чыныбай Турсунбеков, Иса Өмүркулов, Дүйшөн Ирсалиев, Калыкбек Султанов, Абдыманап Кутушев, Төрөбай Зулпукаров, Искендер Матраимов, Жапар Ормонов, Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова, Марат Аманкулов, Данияр Аттокуров, Узарбек Жылкыбаев, Кыянбек Сатыбалдиев, Мурадыл Мадеминов сыяктуу КСДПчы депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, Саясый кеңештин мүчөлөрү кайда? КСДПнын катардагы мүчөлөрү менен чоогу иш-чарага катышып, илгерки шефин куттукташып койсо болбойбу? Атамбаев ушуларды өстүрүп, ушулар мага жөлөк-таяк болот деп катуу ишенип жүрбөдү беле. Же Атамбаевдин алдына ачык баргандан жаңы бийликтин “кара тизмесине” түшүп калабыз деп коркуп жатышабы… Лидери кандай болсо ал ишенген соратниктери деле ошол да.

Булак: Kyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу