«Вечерний Бишкектин» мурдагы ээси Александр Ким алты жылга камалды.

«Вечерний Бишкек» жабык акционердик коомунун мурдагы ээси Александр Ким алты жылга шарттуу кесилип, 27 миллион сомдук айыпка жыгылды.

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 20-февралда чыгарып, Кимдин саламаттыгы, анын сыйлыктары эске алынганын билдирди. Алты жылдык шарттуу жазанын эки жылы сыноо мөөнөтү деп эсептелет.

Ошондой эле сот аны «Рубикон» жоопкерчилиги чектелген коому­нун башкы директору Александр Рябушкинге 27 миллион сом төлөп берүүнү милдеттендирди.

Кимдин жана анын адвокаттары ра­йондук соттун чечиминин үстүнөн шаардык сотко кайрылууну көздөп жатышат.

Булак: «Азия Ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу