Вертолетторду берүү боюнча Атамбаевдин колу турса дагы, “Атамбаевди каралоо үчүн жасалып жаткан жалаа” деп актанып жатышат.

 

Кече жакында эле ЖК депутаты Каныбек Иманалиев “Коргоо комитетинин төрт тик учагы Сомали мамлекетине ижарага берилгени жатат” деген маалыматты териштирип, келишим түзгөн жетекчилерди жоопкерчиликке тартуу керек деп чыккан. Ошондон кийин эле интернеттеги социалдык түйүндөрдө экс-президент А. Атамбаевдин ошол тик учактарды берүү боюнча Башкы штаб сунуш кылган келишимди карап чыгуу боюнча кол койгон буйругу тарап кетти.
Анын артынан С. Исаковдун Башкы штабдын башчысына жана Коргоо министрине көрсөтмө берген каты жарыяланды. Анда “Бул демилге КР Улуттук кызыкчылыкка шайкеш келет” деп жазылган.
Демек, Россиядан келген тик учактарды Сомалиге ижарага берүү аракети катуу жасалганын түшүнө берсек болот. Мындай аракет албетте мамлекет башында турган адамдын кийлигишүүсүз жасалмак эмес. Анын үстүнө анын (экс-президент А. Атамбаевдин) кол койгон буйругу жана анын “оң колу” С. Исаковдун “аткарылышы керек” деген маанайдагы көрсөтмөсү турат.
Мына ушул маалымат коомчулукка белгилүү болуп калгандан кийин КСДП партиясынын маалымат катчысы Кундуз Жолдубаева маалымат булактарынын бири аркылуу актанган маалымат таратты. “Биринчиден, бул Башкы штабдын демилгеси болгон. Экинчиден, бул демилге ишке ашкан эмес. Тик учактар Кыргызстанда калган. Бул негизинен экс-президенттин аброюна көлөкө түшүрүү максатында жасалып жатканы түшүнүктүү эле болуп турат. Алгач ошол кездеги Башкы штабдын жетекчиси генерал Алымкожоев эмнеге негиздеп бул демилгени көтөргөнүн билиш керек болчу. Анткени мамлекет башчы өзүнүн чечимдеринде тиешелүү органдардын сунушуна жана негиздемелерине таянган”, — деп айтылат анда.
Ушул дагы негиздүү жооппу? Эгерде А. Атамбаев Башкы штабдын сунушуна негиздеп буйрукка кол койсо, анда ал сунуш кандайча биздин мамлекетке пайдалуу экенин, анын эч кандай зыяны болбой тургандыгын иликтеген чыгаар? Ошол иликтөөсүн ачык айтпайбы? Экинчиден, муну менен К. Жолдубаева “Атамбаевдин күнөөсү жок, ал Башкы штабдын демилгеси” дегени акылга сыябы? Мамлекет башында турган адам баардык эле демилгелерди колдой берсе, анда кандай болот? Ошонун туура же туура эмес экенин аныктап, анан бир чечим кабыл алынат эмеспи? Андыктан минтип курулай актануу аракетинен майнап чыкпайт.
Тик учактарды ижарага берүү боюнча документтерде А. Атамбаевдин, С. Исаковдун колдору турат. Ошолор эмнеге кол койгонун гана коомчулукка түшүндүрүп берүү керек. Курулай эле “Атамбаевди каралоо үчүн жасалып атат” дей бербей.

БУЛАК: maalymat.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу