Венесуэла Колумбия менен чек арасындагы үч көпүрөнү жапты

Венесуэла бийлиги Колумбия менен чек арадагы үч көпүрөнү убактылуу жапты. Бул тууралуу Венесуэланын вице-президенти Делси Родригес «Твиттердеги» баракчасына жазды.

Ал Каракас эки өлкөнүн жарандарынын чек арадан өтүшүнө кепилдик берип жатат деп билдирди. Родригес Колумбия президенти Иван Дукеден АКШ президентин колдоону токтотуусун талап кылды.

Январда венесуэла оппозициясынын лидери Хуан Гуайдо өзүн президенттин милдетин аткаруучу деп жарыялап, көз карандысыз шайлоо өткөрүүнү талап кылган. АКШ, Канада, Латын Америкасынын бир катар өлкөлөрү, Евробиримдикке кирген өлкөлөр Гуайдону колдошкон. Ал эми Орусия, Кытай, Куба жана Мексика азыркы президент Николас Мадурону легитимдүү президент деп эсептешет.

Гуайдо АКШдан гуманитардык жардам алууну колдосо, Мадуро буга каршы.

АКШнын гумжардамынын бир бөлүгү Колумбиянын шаары Кукутада турат. Мунун алдында ал жакта британ миллиардери Ричард Брэнсон уюштурган кайрымдуулук концерти өткөн. Анда чогулган акча венесуэлалык муктаж үй-бүлөлөргө берилет.

Өз кезегинде Мадуронун тарапташтары Брэнсон уюштурган концерттен алыс эмес жерде фестивал өткөрдү. Ал эми Гуайдо өлкөдөн чыкпоо талабына карабай Колумбиядагы концертке катышты. Ал чек арадан өтуүгө аскерлер көмөк көрсөткөнүн билдирди.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу