Венера Назаралиева, ырчы: “Артымдан жаман сөз ээрчибесин деп интригага аралашпайм…»

Өлкөбүздө шоу бизнес жакшы өнүгүп, байма-бай жаш ырчылар чыгып, чыгармачыл чөйрөнүн кулачы кенен жайылганы менен арасында кулактын кычуусун кандыра ырдагандар саналуу эле. Ырларын укканда моокумуң канып, ырчы деген ушундай ырдаса деп маашырланта турган мыктылардын катарында каарманым Венера Назаралиева да бар.

— Венера эже, Венера Назаралиева деген ысымды жасап, элге таанытуу үчүн кандай жолдон өттүңүз?

— Чыгармачылыкта жүргө- нүмө аябай көп жыл болду. 2001-жылдан бери С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында иштейм, ырдап да келе жатам. Ушунча жыл чы- гармачылыкта жүргөнүм менен жылдызым жанып жаркы- рап деле кеткен жокмун. Азыр деле өзүмдү жылдызмын деп айта албайм. Бир эле арабаны тартсам, балким мындан эрте- рээк эле Венера Назаралиева болуп кетет белем ким билет? А мен үй-бүлөнү, турмушту, ишти, чыгармачылыкты, айтор бардыгын бирдей тартып келе жатканым үчүн акырындан кыбырап келе жаткандырмын.

— Сиз айткандай бардыгын бирдей тартып кеткен чыгармачыл айымдар азыраак эмеспи. Үй-бүлө менен чыгармачылыкты айкалыштыруунун оор-жеңилине токтолсоңуз?

— Негизи экөөнү айкалыш- тыруу өтө кыйын. Жолдошуң түшүнсө балдарың калат, бал- дарыңды карайын десең чы-гармачылыгың калат. Көбүн эсе чыгармачыл айымдардын жолдошу түшүнбөй калгандан улам өнөр жолун тандап кети- шет болуш керек. Мен учун эң башкысы үй-бүлөм. Бирок чыгармачылыкты да хобби катары көрбөйм, ал менин негиз- ги жумушум. Мурда го хобби болуп келген, азыр бул кара- жат таба турган булагыма ай- лангандыктан кадимки жумуш деп билем. Үйдө бардык аял- дын түйшүгүн өзүм жасайм, эч кандай жардамчым жок. Иш- тен келип балдарыма тамак- ашты жасап коюп, кечки жак- шылыктарга кызматка кетем. Ал жактан түндө келип калган учурлар болот, кандай кеч бол- гонуна карабай кирлерин жууп, үй тиричиликтеримди жасап анан уктайм. Эртең менен эрте туруп балдарды окууга жөнө- түшүм керек, кайра эле ушул график кайталана берет. Айтор каалоо күчтүү болсо бардыгы- на жетишсе болот.

-Чыгармачыл инсандардын артынан көп сөз ээрчийт, тынымсыз интриганын чордонунда иштейсиздер. Бул нерсе чарчатса керек?

— Чынында туура айтасыз, чыгармачыл чөйрөдө сөзсүз интригалар болот. Мен болушунча качканга аракет кылам. Балдарым чоңоюп калышты, артымдан жаман сөз ээрчибесин, балдарым апасы тууралуу жаман сөз укпасын деп болу- шунча интригага аралашпаганга аракеттенем. Үй-бүлөмө сөз тийгизгенден корком, азыркы заманда баарыбыз эле чын-тө- гүнүн билбей эле сүйлөп калбадыкпы. Интернеттин өнүккөнү бир чети жакшы, бир чети көрбөгөн, билбеген бирөөнүн сүрөтүн көрүп алып эле түрдүү пикирлерди жаза беришет. Кээ- де отуруп алып билип-билбей жаза бергендерди көрүп таң каласың. Чыгармачыл чөйрө- дөгү адамдын нерви калың болушу керек деп ойлойм. Ушакка ууланган учурда. жаман ком- ментарийлерди окуганда же сен жөнүндө бирөөлөр жаман сөз айтып жатканда чөгүп кетпей, өзүңдү кармаганга аракет кылышың керек. Ошол себептен чыгармачыл чөйрөгө темирдей бекем гана адамдар чыдай алат деп айтаар элем. Өзүм жөнүндө комментарийлерди дээрлик окубайм, көңүл бурбайм.

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу