Венера Назаралиева: «Жашоо мени шашма кылып койду…»

Бул ырчы айымды айрымдар шоу-бизнеске кеч аралашкан ырчы катары таанышат.Чынында, ырчылык өнөрдү ал бала кезинен бери эле аркалап кетет.Болгону аялзатына тиешелүү түйшүктөн арыла албай убагында чыгармачылыктан алыстап кеткен экен.Учурда “Сүйүүңдү уурдап кетем”, “Суранам”, “Жаш жигит” деген ырлары менен кеңири таанылган кези.

-Венера айым, ар бир адамдын балалыгына байланышкан жылуу эскерүүлөрү болот эмеспи.Сиздин эсиңизде кандай көз ирмемдер калды?
-Мен Аксы районунун Кербен шаарында төрөлгөм.Эмнегедир атам бизге “музыкалык билим алышыңар керек” деген сөздү көп айтчу.Кечинде тамак ичип бүткөн соң өзү аккордеон ойноп, төртөөбүздү тизип алып “Жөжөлөрүм” деген ырды ырдатчу.Апам көрүүчү болчу.Ошентип күндө кечинде үйүбүз шаңга бөлөнүп майрам болчу эле.Апам тарбияга бир аз катуу болсо, атам өтө жумшак болчу.Бир нерсени туура эмес кылсаң да катуу айтпай: “Кызым, бир ойлонуп көрчү, ушу жериң кичине көңүлүмө толбой турат”,- дегенден башка катуу сөз айтчу эмес.Эмнегедир атам кеч билим алды.Болгондо да Токмокто окуду.Окуусуна жөнөөрдө баарыбыз тизилип узатабыз.Ошондогу боз костюм, башына шляпа кийип, колуна дипломат кармаган элеси дайыма көз алдымда.Ошол кезде эң бактылуу күндөрүбүз өтүптүр.Атамдын студент экенин ал кезде кайдан түшүнөлү, кетиргибиз келбей ыйласак:“Мен окуп билим алып келейин, анан иштеп, силерге каалаган нерсеңерди алып келем”,-деп узап кетчү.Балалык кылып тим эле толтура нерсени тизмелеп жазып алабыз.Ошол кезде кантип, кайдан акча тапчу билбейм, бирок кийинки жолу келгенинде биз айткандарды сөзсүз алып келчү.Кийин атам Кербен шаарындагы РЭСте иштеди.Тилекке каршы эрте эле жүрөгү ооруп каза болду.

-Канча бир туугансыз?
-Төрт кыз, бир уул болчубуз. Жалгыз эркек бир тууганыбыз, Кудайдын буйругу экен, кырсыктап каза болуп калды.Ошондон кийин апабыз жалгыз калбасын деп колубузга алалы десек күйөө балдар менен жашабайм деп болбой койду.Менден улуу эжем эки балалуу болгондо жездем каза болуп калган.Азыр ошо эжемдин колунда айылда жашайт.

-Ырчылык өнөр сизге кимден өттү?
-Апаман өткөн.Апам убагында ырчы болом деп Ош шаарындагы окуу жайга тапшырыптыр.Студенттик кезинде иш чараларда ырдап жүрчү экен. Үнү заңкылдап сонун. Окуусу ортолоп калганда атасы каза болуп калыптыр. Апасы “кыз кишинин ырдаганын кайдан көрдүң эле, күйөө албай коёт” деп окуусунан чыгарып алып атама турмушка берген экен. Ырдайм деген тилегине жетпей калгангабы, кийин баарыбыздын музыкалык билим алуубузга шарт түзүп берди. Бала кезимде “Жаш таланттар” деген сынакка катышып жүрдүм. Андайда апам атайын костюмдарды, жасалгаларды өзү эринбей сатып берчү.

-Ушундай колдоочуларыңыз туруп да шоу-бизнеске кеч аралашканга эмне себеп болду анда?
-Ага үй-бүлөлүк жашоом себеп болду окшойт. Турмушка эрте, 19 жашымда эле чыктым да. Жолдошум экөөбүз сүйүшүп жүрүп баш кошконбуз. Кийин ал ырдап чыгышымды жактырган жок. Бир жакка баруу керек болсо көзүн карап отурчумун. Кээде кайнилеримди кошуп жиберсе, көп учурда кызганып жибербей койчу. Андайда ыйлаган бойдон калып калчумун. Кийин удаа төрөп чыгармачылыкты жыйыштырууга туура келди. Балдарым бир аз чоңойгондо Ош драма театрында иштеп калдым. Актрисалык жагып калып ырчылыктан алыстай түшкөм, акыркы жылдары кайра сахнага кайтып азыр тынымсыз иштеп жаткан кезим.

-Бул жолу ырдашыңызга жолдошуңуз каршы болгон жокпу?
-Азыр баары жакшы. Жолдошум мурдагыдай болуп кызганбай ишеним артып калган. Эки-жакка жиберет. Колуман келген иш ырчылык болсо башка эмне кылам? Тойдон тапкан акчанын жарымы чыгармачылыкка, жарымы жашоомо кетет. Азыр изденип, эл катары үй-жай күтүп бутубузга турдук дечи. Бирок тынымсыз иштеп жүрө берсең шашма да болуп калат экенсиң. Мурда мындай адатым жок эле, кийин пайда болду. Ушунун айынан унаа айдаганды үйрөнө албай койдум. Убагында эл катары барып эле окугам. Бирок рулга отурсам эле оюм алда кайда кетип, калдактап шашып калмайым бар. Муну байкаган жолдошум “башка иш кылсаң да унаа айдабай эле койчу, керектүү жериңе өзүм жеткирип турам” деген. Ошону менен бул ишти жыйыштырып салдым. Баарына жетишем деп жүрүп досторума да тамаша болуп бүттүм. “Өпкөңдү басып отурчу” деп жолукканда урушуп калышат. Алар менен отурган учурда да мээмде баламды мектептен, кызымды бала бакчадан алышым керек деген санаалар мага тынчтык бербейт да.

-Чын эле чыгармачылыкта жүргөн аял киши үчүн үй-бүлөнүн түйшүгү эки эсе оор болсо керек…

-Айтпа. Бир күндүк ишим бүт пландалган. Таң атпай туруп балдарды мектепке ташыйм. 2002-жылдан бери ушул күнгө чейин Ош драма театрында иштейм. Жумушума барам аяктан чыгып кайра балдарды алам. Үйгө барып шашып тамак жасайм, арыдан-бери боёно калып тойго жөнөйм. Түн ортосунда келип идиш жууп, балдардын эртеңки кийимин даярдап, үй-жайды иреттеп түн бир оокумунда жатам. Чынын айтсам кээде тамак жасаганга жетишпей калам. Андайда кафеден тамак сатып келгенге аргасыз болобуз. Негизи күйөөм тамак убагында жасалбаса уруш чыгарып иймейи бар болчу. Менин түйшүгүмдү көрүп акыркы убактарда аяп калды. Тойго барганда деле кезегим келгиче тынч отура албайм. Видео чалуу аркылуу балдарымдын эмне кылып жаткандарын бүт көзөмөлдөп турам.

-Ашкере баласаак окшойсуз?
-(Күлүп) Андай жагым бар. Уулум Сыймык 16 жашта, кызым Аспет 10 жашта, эркебиз Арина 8 жашта. Досторум дагы өтө эле камкор, баласааксың деп калышат. Убагында турмуштун кыйынчылыгын биз деле жакшы эле тарттык. Ошол жылдары жолдошум Орусияга барып-келип иштеп жүрдү. Ал ортодо мени да чогуу иштеп келели деп чакырып калды. Барсам деле болмок. Бирок ушу балдарымды башка бирөөнүн көзүн каратып таштагым келбей койду. Чоңоюп калышса да азыр деле алыс кете албайм.

-Акыркы убакта Бек Борбиевдин ырларын жаңылап жаздырып атасыз. Сиздин аткарууңуздагы ырларга кандай сындарды айтты?
-Бек байкенин ырларын өтө жакшы көрөм. Ар бир ыры жүрөгүмөн өтөт. Чынын айтсам уруксат сурабай эле ырдап чыккам. “Сүйүүңдү уурдап кетем” деген ырын жаңылап чыкканымда вотсабына жөнөтсөм жакшы деген пикирин айтты. Бир аз жерин оңдо деди. Калган ырларын деле сурансам жок деп коёбу деп чочулап өзүм билип эле ырдап алдым. Азырынча эч нерсе дей элек, дебей эле койсо экен деп калам.

-“Суранам” деген дуэтти ырчы жигит менен аткарганыңызда жолдошуңуз кызганган жокпу?
-Экөөбүз чогуу ырдаган Данияр деген жигитти жакшы тааныйт да. Чогуу ырдап чыгабыз дегенде кызганган жок. Бирок клипти көргөндөн кийин бир аз чычалады. Экөөбүз мейманкада отуруп ырдайбыз го. Ал жерин көрүп: “Эми ошондо бири-бириңерди мейманкада күтүп отурасыңарбы? Өзүңөр ырдап, башка актёрлор эле аткарса болбойт беле?” деген сынды айтты. Бул эми чыгармачылык да деп күлүп тим болдум.

 -Бишкекке канча убакытта бир келип турасыз? Эки жакка каттап иштеген оор го?
-Учурда Ош шаарында жашаганым менен Бишкекке бат-баттан эле барып турам. Клип тарттырганда, чыгарманы элге таратууда жардам бере турган менеджер менен жаңыдан иштеше баштадым. Антпесем бир бутум Бишкекте, экинчи бутум Ошто болуп кыйналып калып атам. Бирок өзүмдү жалкоо аялдардын катарына кошпойм. Аракетчилмин, бир нерсени максат койсом кандай кыйын болсо да ага жетем. Үйдүн түйшүгү менен алышып атсам да кайрыктарды ойлоп чыгармачылык изденүүнүн үстүндө болом.

БУЛАК: Леди. кж

Аргумент.kg
Жооп калтыруу