Валентина Шевченконун гонорары канча?

Бразилиянын Белем шаарында өткөн 3- февралдан 4- февралга караган түнү  UFC Fight Night 125 мелдешинде катышкан  спортчулардын канча гонорар алышы тууралуу UFC уюмунун  расмий сайты  толугу менен жазып  чыккан. Анда,  Кыргызстандын  атынан  катышкан Валентина Шевченко Fight Night 125 мелдешинде  беттеш үчүн 18 миң доллар, беттеште жеңишке жеткендиги үчүн  18 миң доллар, Reebok  компаниясынан демөөрчүлүк иретинде  5 миң доллар, ошондой эле,  оюн алкагындагы мыкты беттеши үчүн  кошумча 50 миң долларга ээ болгон.  Жалпысынан 91 миң доллар эсебине жетишкен. Ал эми   бул мелдеште Кыргызстандын мушкери  Валентина Шевченко бразилиялык атаандашы менен мушташып, жеңишке ээ болгон.

БУЛАК: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу