Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Атамбаев тез аранын ичинде шайлоого барышы мүмкүн”

-Бөдөш айым, Бабанов качып кетти, Текебаев, Исаев баш болгон саясатчылар түрмөдө олтурат. Өзүнүн атаандаштары түрмөдө олтурган мезгилден пайдалынып, бийликтин күчү менен партиясын мындан да күчтүү кылып алып келүүнүн аракети эмеспи?

-Кийинки жылы шайлоо болот дегенди мындан башка версия менен да караса болот. Сооронбай Шарипович кечке эле Атамбаевдин айтканындай кылып, СДПКны колдоп тура берет деген кепилдик кимде бар? Ал кишинин да өзүнүн ою, пикири, өзү жүргүзгөн саясаты болот. Ошондуктан, Сооронбай Жээнбеков өзүнүн ою менен эсептешип кала электе, партиямды дагы бир жолу бийликке алып келип алайын деген ниет болушу да мүмкүн. Парламенттик шайлоодо элге таасир бере турган бир топ саясатчылар азыр кайсыл жакта олтурганын жакшы билесиңер. Мүмкүн, ушул абалдан пайдаланып, азыркыдан да күчтүүрөөк болуп парламентке келип калайын деп атса керек. Парламенттик системаны түшүнгөн адам келип, аны колго алган болсо, парламенттин ролу абдан чоң болот. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр 1-декабрдан баштап күчүнө кирди. Азыр Өкмөттүн да мүмкүнчүлүгү чоңойду. Өкмөттүн рычагы парламенттин колунда. Ушул жагынан алып караганда дагы Атамбаев тез аранын ичинде шайлоого барышы мүмкүн.

Маектешкен Наралы Асанбаев

Булак: Жаңы ОРДО

Аргумент.kg
Жооп калтыруу