Бөдөш Мамырова, экс-депутат: “Азиз Батукаевдин лезгинкасына бийлей тургандар эми чыгат”

Бөдөш эже, көптөн бери саясий талаада көрүнбөй кеттиңиз. Саясий окуяларга өз көз карашыңызды айтып турчу элеңиз. Үнүңүз да угулбай калды. Кайда жүрөсүз, эмне менен алектенип жатасыз?

– Ой, баягы эле үйдүн жумушу менен алекмин да. Саясий окуяларга өз пикиримди айтпай калганым чындык. Балдарым өлкөдөн чет жакта турушат. Ошолорго барып келдим. Саясий аренада болуп жаткан окуялар менен кабардармын. Менин пикирим керек болгон жерлерге барып үн катып коём. Кереги жок жерлерге неге чырмалышат элем.

– Өлкөдөгү саясий акыбал кандай абалда турганы тууралуу пикириңизди айтыңызчы?

– Бүгүнкү саясий акыбалды ойлонулган жакшы системалуу нукта турат деп айта албайм. Өйдө-төмөн, олку-солку абалда. Ар кандай күчтөр, түрдүү чакырыктар, бири-бири менен кайым айтышуулар, пикир келишпестиктер өкүм сүрүп турган заман. Пикир келишпестиктерди, нааразычылыктарды четке сүрүп, аларга татыктуу жообун айтып, бийликке ич күптүү болгонуңарды гана билдирип жатасыңар, чындыгында андай эмес, мындай деген ачык-айкын фактылар дагы болбой турат.

— Президент жаңыдан тактыга олтурганда элдин ишеними күч болгону сезилген. Азыр сиз айткандай саясий абалдын олку-солку болушуна кайсыл фактор себепчи болууда? 

— Карапайым эл ким өзүнүн көбүрөөк дооматын, аргументин маалымат каражаттары, интернет айдыңында айта берсе, ушунун айткандары чын болуп, бийлик чабал болуп калган окшойт, мамлекет башчы айткан убадаларынан кайтып жатабы деген ойго келип калат экен. Азыр ушундай ой элдин арасында бар, муну танбаш керек. Ошол элге берген убадаларынын өтөөсүнө чыгайын деп мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жанын жалгыз үрөп иштеп жатат. Бул маселе боюнча ага сөз жок. Бирок, арабаны жалгыз тартканга караганда, команда менен тартсаң болжогон жерге эрте жетесиң. Бул киши арабаны жалгыз тартып баратат. Ачык эле айтайын, Өкмөттү сөзгө аралаштырбай эле коёлу, президенттик аппаратта коомдогу болуп жаткан нерсе менен президенттин ортосундагы байланышты байкап, кырдаалга баа берип, туурасын туура, туура эмесин туура эмес деп, болуп жаткан толкундар тууралуу кечээки толкун тигил тарапты көздөй кеткен, бүгүн каршы кетип жатат деген анализ чыгарып, президентти ошол нукка багыттап турган команда өлкө башчынын тегерегинде жок. Буга мисал келтирейин. Президенттин маалымат айдыңындагы орду таптакыр башка. Ошол аянтчаны түзчү кызматкер дагы өзгөчө болот. Бул кишинин эл аралык арена, өзүбүздүн коом менен байланыштырып турчу маалымат кызматынын деңгээли “Фейсбуктун” деңгээлине түштү. Ал ушуну айтсам президенттин көз карашы азыркыдан дагы жакшы болуп калабы дедиби, бир нерсени ойлонуп, өзүнүн “Фейсбук” баракчасына жазып койду эле эмне болду? Бул президенттин маалымат катчысынын деңгээлиндеги билдирүү эмес. Ушуну менен эле президенттин тегерегинде кандай адамдар иштеп жатканын далилдеди. Акаевден баштап Сооронбай Жээнбековго чейин президенттин маалымат кызматын кимдер башкарганына, кандай деңгээлде ишти алып барганына саресеп салып көргүлөчү. Бүгүнкү маалымат кызматынын деңгээлинен ат чабым алыста болчу. Мамлекет башчысы ушундай команда менен иштеп жатат. Президент түйшүктү жалгыз тартып жатат деп айтканым да ошондон. Мындай абалга кептелгенинин себеби, өзүнүн бирдиктүү командасы түзүлө элек. Ар кайсыл жактан келип калган, түрдүү көз караштагы адамдар командада жүрөт. Ыраматылык Медет Садыркуловду Курманбек Бакиев президенттик администрациясынын башчысы кылып алып келгенде, “Бул адам эки адамды бириктирбеген, интриганы уюштурган касиетке ээ. Муну эмнеге алып келдиңиз” деген нааразычылык абдан күч болгон экен. Курманбек Бакиев “Мага кимиң ошондой интриганы жасап бересиңер? Мен мамлекеттин башында олтургандан кийин, мага оппозиция, позиция болгон адамдар бар. Экөөсүн бири-бирине кошуп жибербей, өз орду менен кармап туруучу ролду кимиңе аткара аласыңар? деп айтыптыр. Чындыгында, Медет Садыркуловдун өзгөчө касиети, экөөбүз бийлик тууралуу нааразы болуп сүйлөшүп жаткан болсок, кыска убакыттын ичинде экөөбүздү эки жакты каратып коёт болчу. Бүгүн ошондой болуп коомдун күрөө тамырын кармап, ким кайсыл жакка барганын, кечээ эле тиги кишинин көзүн карагандар бүгүн тескери кетип жатканынын сыры эмнеде, мунун аягы эмне менен бүтөт (?) деп ой жүгүрткөн президенттик аппаратта бирөө барбы? Тапшырманы аткарган команда гана олтурат. Жалгыз арабаны тартып, мерчемдүү жерге кечирээк жетип жатканынан улам элде президенттикке аттанып жаткандагы айткан убадаларынын аягына чыга албай калабы деген кооптонуу пайда болгону да ошондон.

– Президент парламентке барып сөз сүйлөгөндө өкмөттү коргогондой түр көрсөттү. Ошол сөзү менен депутаттардын, коомчулуктун алдында өкмөттү өзүм алып келгем, иштегенге мүмкүнчүлүк бергиле деген ишааратты кылып койдубу?

— Президент парламентте “Өкмөт жакында алдыңарга отчёт бергени келет. Тил табышып кетесиңер деген ойдомун” деген сөздү айтты. Муну ар кандай кабылдаса боло берет. Өкмөттү силер курагансыңар, тил табыша турган да силерсиңер. Ишине көңүлүңөр толбой, ишеним көрсөтпөсөңөр да өзүңөр кураган өкмөт деген мааниге бурса да болот. Азыр парламент тарабынан куралган Өкмөт иштеп жатат да. Бирок, Өкмөткө болгон элдин ишеними азайып, Кыргызстандын саясатында жүргөн инсан, жөнөкөй жаран катары да өзүмдө дагы күмөн саноо пайда болууда. Ачыгын эле айтыш керек, Өкмөт мажирөө иш алып барып жатат. Келери менен көзгө көрүнө турган ишти мындай жол менен баштадык деп элдин алдына ачык коё алган жок. Өкмөт башчыны оор тармакта иштеген, Аткаруу бийлигинин өйдө-төмөнүн жакшы эле анализдеп калды, камчы салдырбай алып кетет болуш керек, ызы-чуулуу иштерге барбайт деген ойдо элем. Ызы-чуулуу иштерге барбаганы менен өзү “Силер унчукпайсыңар, эмне үчүн жымжырттык, жылбай жатасыңар деп айтуудасыңар. Көрсө, унчукпай эле иштесе болот экен. Мен унчукпай эле бир жылдан бери изилдеп чыктым. Эми иштей баштайм” деп айтты. Аябай таң калдым, премьер-министрликке бара жатканда бир жыл таанышам, изилдейм, анан иштеп баштайм деп бардыбы? Андай болбойт да. Кызматка барганда даяр болуш керек. Даяр эмессиңби, аны жашырбай эле айтыш керек, айыбы жок. Бул деген чоң кызмат. Президенттик же мыйзам чыгаруучу бийликке караганда аткаруучу бийликте чоң жоопкерчилик бар. Элдин курсагын тойгузуп, бара турган бийлик ушул. Ал жерге барып алып, бир жыл изилдеп олтурса, эл ачкадан өлүп калбайбы. Бир жыл өйдө-төмөн болуп жатып чыдадык. Отчётун берип алган соң бүгүндөн баштап жаңы күч менен иштеп баштаганын да көрө жатарбыз.

– Сиз “Ар-намыс” партиясын кыйынчылык күндөрү таштабай жүрдүңүз. Парламентке келгенде сиздердин фракцияны ичинен иритип, лидер талаш жаратып, бөлүп жаруу болгон эмес беле. Азыр лидер талаш КСДП партиясына келип олтурат. Адилет министрлиги расмий түрдө партиянын жетекчиси деп Сагынбек Абдрахмановду каттады. Саясий партияны рейдерлик жол менен тартып алды дегенге сизде канчалык деңгээлде ишеним бар? 

– Биздин фракцияны бөлүп-жарып, лидерликти талашкан сценарийдин авторлору, идеологдору КСДПнын жетекчилик органы болгон. Муну ачык эле айта алам. Ошол маалда парламенттеги коалиция тарайын деп турган абал эле. Эгерде ошол маалда коалиция тарап кеткенде 6 жылдык президенттик милдет Атамбаевге буйруйт беле же жокпу абдан чоң суроо болчу. Ошондуктан, коалицияны кармап калыш үчүн биздин фракцияга кол салынган. Жараткандын мындай ишти кылбай жүргүн, өзүңдүн башыңа келет деп адамзатынын башына салган чоң жазасы болсо керек. Азыр бөлүнүп-жарылуу КСДПнын башына келди. КСДП экиге бөлүнүп съезд өткөздү эле, Абдрахмановду Адилет министри партиянын жетекчиси деп каттады. Чындыгында, мен буга абдан таң калдым. Ыймандай сырымды айтайын, Абдрахманов кыймылды түзүп, андан кийин өзүн төрага шайлаган съездди өткөзгөндө, КСДП Атамбаевдин өзүнүн эле колунда калды деп ойлогом. Анткени, партияны партия кылып алып чыгыш, биринчи кезекте эң чоң каражатты талап кылат. Анын башында турган лидер күчтүү болуусу керек. Атамбаев лидерликти албаса дагы, анда чоң каражат бар. Ошол каражат менен КСДПны кармап келди. Бөлүнгөн партияда Атамбаев менен теңтайлаша турган лидер болсо керек дегем. Андай болбой калгандан кийин партия өзүндө эле калды деген ойдо болгом. Бирок, Адилет министрлиги Сагынбекти каттоодон өткөзүп койду. Аны уккандан кийин кандайча каттоого алышты деп мыйзамдарды каздым. Саясий партиялар жөнүндөгү мыйзам боюнча саясий партиялар кайра каттоодон өткөнгө укугу бар экен. Кайра каттоого легитимдүү съезддин чечимдерин алып барып, кайра каттоодон өтүп жатканда дагы өзгөртүү киргизгенге укугу бар. Абдрахманов жаманбы-жакшыбы съезд өткөзүп, анын чечимдерин министрликке алып барып, лидери деген жерин Сагынбек Абдрахманов деп өзгөртүп койду. Адилет министрлиги кайсыл мыйзам менен каттады, ушундан чыр чыгат го дегем. Көрсө, министрлик дагы ошол мыйзам менен каттаптыр. Атамбаев көрүнгөн жерде арманын айтып олтура бербей, партия бөлүнүп, съезд өткөзүү боюнча иштер кетип жатканда, ушунча жылдан бери аброю бар партияга лидерлик кылып жүрүп, саясий партиялар жөнүндөгу мыйзамдардын жыртык-тешигин аңтарып карап койбоптур. Кайра каттоодон өткөзөбүз деп мурун аракет кылып койгондо, бир эле партия кайра-кайра каттоодон өтпөйт болчу. Мыйзам боюнча бир эле атты алып жүргөн эки саясий партия болбошу керек. Эми мыйзамдуу каттоодон өткөн партия өкүм сүрөт. Экс-президент каалайбы-каалабайбы мыйзамдуу түрдө партиясын алдырды. Кайрадан өзүмө алам десе, каттоодон КСДП же болбосо КСДП-Атамбаев деп бериш керек.

– Азиз Батукаев түрмөдөн бошотулуп, өлкөдөн чыгып кеткенде парламентте каршы сөз айткан депутаттардын бири болгон элеңиз. Батукаевдин иши кайра жанданды деген маалыматты башкы прокурор Ө. Жамшитов парламентте отчёт берип жатып айтты. Эми бул маселенин аягы кимге барып такалышы мүмкүн?

– Батукаевдин маселе көп кишилерге барып такалат. Ошол кездеги мамлекеттин эң жогорку кызматында олтургандарга түз эле алып барат. Батукаев мыйзамдагы ууру, чоң кылмышкер катары түрмөдө олтурган адам. Нарындагы абактан алып чыгып, кайтаруу менен Бишкекке алып келип, аэропорттон самолетко салып жибериш министрликтердин колунан келчү иш эмес. Буга абдан терең ойлонулуп план түзүлгөн. Мындай ишти ошол кездеги мамлекет башчысы билбей калган деген акылга сыйбайт. Ошол кездеги башкы прокурор, Батукаевдин 3 эле күндүк өмүрү калыптыр, өлүп калат деп корутунду берген ошол кездеги Саламаттыкты сактоо министри, бир топ көмүскө саясатчылар бар. Ошонун ичинде Жогорку Кеңештин ошол кездеги белдүү депутаттары да чыгат. Башка мамлекеттин бизге таасир бере турган чоң кызматтагы адамдары да аралашкан. Ишти кайра жандандырып, мыйзамдын чегинде иликтөө жүргүзө турган болсо, абдан чоң резонанс жаратат.

– Парламентте кыйкырып турбадыңызбы, Батукаевди аэропорттон узатканы “Ар-намыс” фракциясынын лидери Кулов барган деп айтылууда деп. Сизде дагы ушул маалымат барбы?

– Ошол убакта ушундай сөз болгон. Ал киши Батукаевдин Нарындан чыкканынан баштап, кайсыл жерге токтоп, аэропортко жеткенине чейин кабардар болуп туруп, аэропортко барып, VIР залдан коштошуп жөнөтүп жиберген деген сөздөрдү мен дагы уккам. Бирок, ошол жерге барып, өз көзүм менен көрбөгөндөн кийин так айта албайм. Далилдүү фактылар менен билгенимде парламенттин трибунасынан көтөрмөкмүн. Батукаевдин 3 күндүк өмүрү калды дешкенде токтоп тургула, Батукаев өлбөйт, ушул жерде олтургандардын көбүңөрдү лезгинка бийлетет деп айткам. Бул иш кайра жанданса, Батукаевдин лезгинкасына бийлей тургандар эми чыгат.

– Бул иштин кайра жанданышына эмне себепкер болду?

– Батукаевдин иши аягына чыгып, жабылган эмес, жөн гана ачык бойдон токтоп калган. Президент коопсуздук кеңешинде кандайдыр бир себептер менен аягына чыкпай калган кылмыш иштерине чекит коюу жана күнөөлүүлөрдү мыйзам алдында жооп берүүсүн, коррупция менен аёосуз күрөшүүнү көтөрбөдүбү. Экс-президенттин жүрүм-туруму, чектен чыгып кеткен болсо-болбосо дагы күнөөнү бирөөгө оодарып, бул тигиндей эле деп далили жок фактылар менен чектен чыгып кеткен жүрүм-туруму, Бишкек ЖЭБдин тегерегиндеги коррупция боюнча айыпталып камалгандарды сүттөн ак деп соттон мурун өкүм чыгарып, башкаларды күнөөлүү кылуу аракети себепкер болду деп ойлойм.

Темирлан Токтоболотов
Булак: «Жаңы Ордо»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу