Бүгүн, КСДПнын чукул жыйынындагы эшик артындагы ШЫБЫРТ «но» чындык…

Бүгүн, 20-мартта КСДП фракциясы чукул жыйынга, жабык эшик артында чогулушту. Жыйын соңунда 31-мартта боло турган КСДП партиясынын курултайын уюштуруу иштерин талкууладык деп чыгышты. Чынында башкача болмок экен. Мээрбек Мискенбаев депутат Асылбек Жээнбековдун мандатын ажыратуу демилгесин көтөргөн. Аксы курмандыктарын шылтоо кылып чогулган жыйында кимдир бирөө жазып берген докладды эжелеп окуп, эптеп оюн түшүндүргөн.

Ошондо, Мискенбаев «Асылбек Жээнбеков мандатын тапшырып, биз жакка өт!»,-деп талап кылган. Андан мурдарак, көрсө Фарид Ниязов 5-6 «апрелчини» чогултуп, А.Жээнбековго каршы чыгышын өтүнөт. Мискенбаевден башкасы бири дагы макул болбой коет. Ниязов, Жээнбековду Бакиевдерге салыштырып, элди коркутсак, баары мандатын ажыратууну колдоп кетет деп болжогон.

Тилекке каршы, Фарид Ниязовдун планы толугу менен кыйрады. Демилге көтөргөн Мээрбекти «мээң менен жерге кир, өзүң жогол!»,-деп уккандын баары жемеледи. Андан дагы кызыгы, Мээрбек Мискенбаевдин докладын орусча даярдашкан экен. Кыргызчаны эжелеп окуган Мискенбаев аны окуй алмак беле, түнү менен кайра кыргызча которуп убара болушуптур. Кыргызчалаган кишиси Өкмөттө иштеген бакыйган эле бир киши дейт, ким экени билинип калыптыр.

Ошентип булар өзүнөн-өзү чалынып, бүгүн шашылыш фракция жыйынын өткөрмөккө чогулуп, ага Фарид Ниязов катышты. Эң алгач Ф.Ниязов, анан жоон топ депутаттар менен Асылбек Жээнбеков кирип келди. Фарид Ниязов Жээнбековду утурлап, кол бермекке жөнөгөндө Жээнбеков байкамаксан болуп ордуна олтуруп алды дейт. 

Негизи жыйын, Асылбек Жээнбековдун мандатынан ажыратуу жөнүндө болмок экен. Көпчүлүк КСДПчы депутаттар Фарид Ниязовдун оюн колдобой, каршы чыгышыптыр, телефондон эле. «Эгер, мандат жөнүндө сөз болсо, анда жыйынга катышпайбыз. Кворум түзүп бербейбиз!», — деп коюшуптур. Айласы кеткен Фарид Ниязов шагы сынып, 31-мартта өтө турган партиянын уюштуруу иштерин талкууламыш болуп, жыйын тарап кетиптир. Ошентип, арам оюу ичинде катылган Фарид Ниязовдун планы ишке ашпай, маанайы жок», дейт биздин Ак үйдөгү ишенимдүү булактарыбыз.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу