Быйыл республикалык Көчмөндөр оюндары Таласта өтөт

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен жыл сайын республикалык деңгээлде Көчмөндөр оюндарын өткөрүп туруу боюнча чечим кабыл алынган. Быйыл алгачкы республикалык Көчмөндөр оюндары Таласта өтөт. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз өкүлү Нурдин Султамбаев билдирди:

— Бул өзүбүздүн жарандарга эле арналган республиканын ичиндеги иш-чара. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары улана берет, ал эми бизде өзүбүздүн улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүү үчүн иш-чара өтүп турушу керек. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына баары эле келе алган жок да, туурабы? Ар бир жаран аны көргүсү келген, жүрөгү менен күйгөн. Ошондуктан бул өзүбүздүн спортту, каада-салтыбызды өнүктүрүш үчүн сунушталган. Бул фестивал вариантында өтөт. Быйылкысы Таласта өтөрү анык.

Быйыл 16-февралда Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов кичи Көчмөндөр оюндары эми жыл сайын ар кайсы облуста өткөрүлүп турарын билдирген.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу