БЫЙЫЛ КАНЧА ОКУУЧУ МЕКТЕПТИ АЯКТАЙТ?

Кыргызстанда 2018-2019-окуу жылын жалпы 11-класстан 65 миң окуучу аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматына ылайык, быйыл артыкчылык аттестат алуу үчүн жалпы 1 миң 44 окуучу тесттен өттү. Артыкчылык аттестат алуу үчүн 585 окуучу кыргыз тилинде, 430 окуучу орус тилинде жана 29 окуучу өзбек тилинде тест тапшырган.

9-классты аяктап жаткандарга күбөлүк 21-июнда тапшырылат. Ал эми 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат 24-июнда берилмекчи.

Эске салсак, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө майрамдык кече уюштурууса каражат чогултууга тыюу салынган.

Булак:Eldik media

Аргумент.kg
Жооп калтыруу