БШК жоопко тартылабы?

Жогорку Кеңеште кыргыз элине мыйзам чыгаруу үчүн, казак жаранына депутаттык мандатты тапшырган Борбордук шайлоо комиссиясы жоопко тартылабы деген суроо туулат. БШКда иштегендердин көзүн май басып калганбы? Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде Казакстандын жараны депутат болуп отурат деген эмнеси? Мындай Жогорку Кеңештин кыргыз элине кереги барбы? Прези­дент Сооронбай Жээнбеков парламентти таратуу демилгесин көтөрүш керек. Парламенттик республикадагы депутаттар контрабанданын башында туруп, казак жарандыгы алып жүргөндөн кийин кайсы арыбызга парламенттик республикабыз деп төш каккылайбыз ыя? БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутаттарга мандат берип жатканда депутат боло турчу адамдын тарыхына көз жүгүртөбү деги? “Кыргызстан” фракциясынан депутат болгон Дамирбек уулу Асылбектин казак жарандыгы болгонуна, Шайлдабекова эмне деп жооп берет болду экен?

Булак: Ачык саясат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу