Бут кийимдин жагымсыз жытынан оңой эле арылыңыз!

Күн жылып, элдер спорт менен машыгып, футбол оюндарын ойногон учур. Бул учурда көпчүлүгүнүн кандай гана бут кийим кийбесин, тердетип, жагымсыз жыттар пайда болот.

Дал ошол жагымсыз жыттар бутубуздагы бактериялардын көбөйүүсүнөн улам пайда болот экен. Муну менен бирге бир бут кийимди улам эле кийип журө берүү жана аны узак убакыт шамалдатпагандан дагы пайда болот. Анын алдын алуучу сунуштар менен бөлүшөбүз.

Бутуңузду жакшылап жууңуз

Бутуңуздагы бактериялар уламдан-улам көбөйүп жаткандыгын сиз аңдабай калып жатышыңыз мүмкүн. Ошондуктан, аны таза кылып күнүгө жууп турганыңыз жакшы.

Упа (пудра) колдонуңуз

Эгерде бутуңуз абдан эле тердеп жатса, анда бутуңузга упа сээп колдонгонуңуз дурус. Бул ыкма бутуңузду күнү бою кургак алып жүрөт.

Разрыхлитель жана кофе сүзгүч сизге жардамга келет

Үйдө жөн эле турган разрыхлитель (көптүргүч) бут кийимдеги жагымсыз жытын кетирүүчү күч болуп саналат. Ал үчүн үйдө колдонулбаган кофе сузгүчкө разрыхытелди салып, үстүн скотч менен жабасыз. Андан соң аны түнү менен бут кийимдин ичине салып коёсуз. Мындай ыкма менен сиз бут кийимиңиздеги жагымсыз жыттан арылган болосуз.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу