Бусурманкул Абдибаит уулу Орусиядагы мелдеште жеңди (видео)

Кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу таймаштын аралаш түрлөрү (MMA) боюнча Орусиянын Назрани шаарында (Ингушетия) өткөн «M-1 challenge 99» мелдешинде жеңишке жетти.

Турнирдин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, таймаш 17-ноябрда өттү. Ага жети өлкөнүн спортчулары катышып, жалпысынан 12 беттеш болду.

Бусурманкул Абдибаит уулу 65.8 килограммга чейинки салмакта рингге чыгып, орусиялык Залимбек Омаров менен күч сынашты. Үч раундга созулган таймаштын жыйынтыгында калыстар бир добуштан жеңишти кыргызстандык спортчуга ыйгарды.

Бул күнү 73 килограммга чейинки салмактагы спортчулар арасында чыккан дагы бир кыргызстандык Турсунбек Асылгазиев орусиялык Лом-Али Нальгиевге жеңилди.

Бусурманкул Абдибаит уулу кесипкөй рингде ушуну менен жалпысынан 14 беттеш өткөрдү. Буга чейин 10 жолу жеңишке жетип, эки жолу жеңилип, бир жолу тең чыккан.

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу