Бурулайдын өлүмүнө жол берген, Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы Марлис Асанов ызы-чуу жаратабы?

Тагдырдын мерездигин кара. Ала качуунун курмандыгы Бурулайдын өлүмү бүт дүйнөгө “дүң” болгону, кайран кыз эркиндиги үчүн күрөшсө да Жайыл РИИБсинен милициянын кабинетинен бычакталып, 20 жашында жарыкчылык менен кош айтышкан.
Натыйжада, аталган РИИБнин начальниги жана бир канча “формачандар”, о.э. андагы Чүй ОИИБнин башчысы Нурлан Сарчаев, орун басары Марлис Асанов шалаакылыкка жол беришкени үчүн ээлеген орундарынан шыпырылышкан. Ал эми бүгүнкү күндө убакыттын өтүшү менен көз жазгыруу болууда. Марлис Асанов Чүй облустук кылмыш иликтөө кызматына дайындала турганы кабарланды.
Бул жигит моралдык жоопкерчиликти аттап өтүп, акчанын күчү менен бакандай кызматты ээлеп алса, ИИМдин ирип баратканы ушул болобу? А баса, Марлис айтылуу Данияр Абдыкаровдун өкүл баласы экени, ошонун аркасынан карьералык секириктерди жасап келатканын кайда жашырабыз? Учурда дал ушул Марлис Асанов үчүн ИИМде “ит тартыш” болуп атканы каңкууланды. Бул боюнча кеп дагы алдыда…

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу