Бул иш “атайын жасалышы” ыктымал.

Казакстанда сатылган Кыргызстанда тигилген балдардын кийимдеринен формальдегиддин белгилери табылды деген кийимдер боюнча суроолор көп. «Made in KG» кийиминен уулуу зат табылды деген шектүү кийимдер Кыргызстанда тигилбеши мүмкүн. “Легпром” жеңил өнөр жай ассоциациясынын президен­ти Сапар Асановдун божомолунда бул иш “атайын жасалышы” ыктымал. Бул туурасында ал: “Кичинекей балдардын кийимин чыгаруу бизде катуу көзөмөлгө алынат. Кийим-кече өлкөдөн сыртка сертификатсыз чыгарылбайт. Бизге деле “Кыргызстандан жасалган” деген белги менен Кытайдан көп эле кийим-кече келет. Казакстан, Россия менен 20 жылдан ашык убакыттан бери иштешип келебиз. Бул аралыкта биздин товарларга карата бир дагы даттануулар келген эмес. Менин оюмча, бирөө биздин аброюбузга шек келтириш үчүн муну атайын эле жасады”, – деп билдирди.

Булак: Фабула 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу