«Бул жакка келип айтсын». Шадиевдин билдирүүсү боюнча анын фракциялашы комментарий берди

Экс-депутат Аскарбек Шадиев «Бир Бол» фракциясынан чыгуу боюнча эч кандай арыз жазбаганы тууралуу билдирүү таратты. 

«Бир Бол» фракциясынан депутат Улугбек Ормонов анын арызы фракция жыйынында каралганын айтты. «Ал жасаган билдирүүсүн бул жакка келип айтсын. Арыз фракция жыйынында каралган», — деди Ормонов.

Окуянын чоо-жайы:

Ушул жылдын 29-апрелинде Аскарбек Шадиевге карата “кызматынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козголгон. 1-июнда УКМК Шадиевдин 27-апрелде Кыргыз өлкөсүнөн чыгып, АКШга кетип калганын аныктаганын билдирген.

25-июнда ага карата “чек араны мыйзамсыз кесип өтүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. 2-июлда Башкы прокуратура дагы бир кылмыш ишин козгоп, ал “мыйзамсыз жол менен алынган акчалай каражаттарды же башка мүлктү легалдаштыруу” беренесинин негизинде ачылган. 20-октябрда Шадиевдин иши боюнча тергөө аяктап, Башка прокуратура ишти сотко өткөргөн. 2-ноябрда Аскарбек Шадиев Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылган.

Булак: Super.kg

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу