Британиядагы элчиликке Эдил Байсаловдун талапкерлиги көрсөтүлүүдө

Коомдук ишмер Эдил Байсаловдун талапкерлиги Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчисинин кызматына көрсөтүлүп жатат. Бул тууралуу «Азаттыкка» Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары, депутат Абдывахап Нурбаев билдирди.

Байсаловдун талапкерлиги аталган комитет  бүгүн 28-майдагы жыйынында карайт.

Азыр Улуу Британияда Гүлнара Исакова элчи болуп турат. Ал бул кызматка 2015-жылы дайындалган.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу