Боронов менен Султанов неге Сокенин ордуна чуркай башташты?

Ошентип кыштан да чыктык. Өкмөттүн алдында көйгөйлөр көп болгону менен Сооронбай Жээнбеков баш көтөрбөй иштеп атып, кем-карчыбызды билдирген жок. Эң башкысы, жарык өчпөдү, отун-суу жетиштүү болду. Башынан эле экономикалык- социалдык абалыбыз начар экени жашыруун эмес. Кыйынчылыктар арбын. Ошол оор шартыбызга карабай, өкмөт баардык тармактарды алдыга тартууга аракет кылды. Артка  кеткен жокпуз. Эми айдап-себүү машакаты башталууда. Мына ушундай түйшүктүү иштер кычап турганда, жогорку жакта саясый интригаларга жол берилгенин эшиттик. Премьер- министрдин креслосуна Кубатбек Боронов менен Калыкбек Султановдун чуркап атканы кандай? Же Соке КСДПдан президенттик шайлоого аттана турганы тар чөйрөдөн чечилген үчүн өкмөт башчылык талашка түштүбү? Албетте, бүйүр кызыткан суроолор дечи. Ал эми так жообун ким тастыктайт?

Булак: “Азия ньюс”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу