Боронов: Дача-СУнун статусу өкмөттө каралган эмес

Дача-СУнун статусу боюнча маселе өкмөттө каралган эмес. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 16-январда Сокулук районунун Дача-СУ айылында эки жыл мурдагы авиакырсыктын курмандыктарын эскерүү иш-чарасында “Азаттыктын” суроосуна жооп берип жатып айтты.

— Айылдын статусун кырсыкка байлаган туура эмес. Биз башында эле кырсык боюнча иштеп жатканда бир топ айыл тургундары кайрылган. Ошондо эле «ал комиссиянын алкагында бул маселе каралбайт» деп айтканбыз. Анда кырсыктын кесепетин жоюу жана Түркиядан, мамлекет тарабынан берилчү жардамды бөлүштүрүү эле каралган. Кээ бир депутаттар аркылуу айылдын статусу тууралуу маселе көтөрүлүп жүрөт. Кыргызстанда мурун дача болуп, бирок эл жашап калган жерлер көп. Алардын баарын комплекстүү караш керек, — деди Боронов.

Эскерүү иш-чарасына президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Жогорку Кеңештеги “Республика — Ата Журт” фракциясынын лидери Жыргалбек Турускулов жана кырсыкта курман болгондордун жакындары катышты.

2017-жылы 16-январда түркиялык «Боинг-747-400» жүк учагы Бишкектин четиндеги Дача-СУ айылына кулаган. Авиа кырсык 39 кишинин өмүрүн алган. Анын 35и жергиликтүү тургундар, төртөө учак кызматкерлери. Мындан тышкары ондогон турак жай кыйраган.

«Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган.

Кырсыктан жабыркагандарга калктан да жардам чогултулган. 2017-жылдын март айына карата Дача СУ боюнча атайын эсепке 95 миллион 700 миң сом чогулганы расмий кабарланып, ал кандай тартипте бөлүштүрүлгөнү тууралуу так маалымат берилген эмес.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу