Боронов алты райондун акимин иштен алууну сунуштады

Бүгүн, 15-февралда өкмөттө өткөн жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бир нече жергиликтүү жетекчилерге сөгүш берүү, иштен алуу сунушун берди.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, буга аймактарды өнүктүрүү жылынын жер-жерлерде жеткиликтүү аткарылбагандыгы себеп болгон.

Сөгүш берүүгө сунуш кылынган жергиликтүү чиновниктер:

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев;
Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов;
Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун акими Айбек Бегимкулов;
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун акими Рахат Исаков;
Ош облусунун Өзгөн районунун аким Бактыбек Алайчиев;
Чүй облусунун Панфилов районунун акими Мелис Райымкулов;
Баткен облусунун Баткен районунун акими Кеңеш Салихов;
Баткен облусунун Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов;
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун акими Эмильбек Абдыкадыров;
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев;
Нарын облусунун Ат-Башы районунун акими Жакыпбек Субагожоев;
Талас облусунун Манас районунун аким Бектеналы Дүйшебаев.

Муну менен катар Нарын облусунун Жумгал районунун акиминин орун басары Гүлбарчын Исаковага, Ош облусунун Араван районунун акиминин орун басары Музафаржон Мамасаидовго жана Ош облусунун Ноокат районунун акиминин орун басары Ниязбек Козуевге сөгүш жана катуу сөгүш жарыяланды.

Ошол эле учурда:

Чүй облусунун Москва районунун акими Азамат Эсенбековду;
Чүй облусунун Кемин районунун акими Жумгалбек Дуйшебаевди;
Жалал-Абад облусунун Аксы районунун акими Масалбек Мырзамамытовду;
Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун акими Майорбек Сатымкуловду;
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун акими Улан Доконбаевди;
Ысык-Көл облусунун Тоң районунун акими Таалайбек Ажиевди;
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун акиминин биринчи орун басары Каныбек Камбаралиевди ээлеген кызматынан бошотуу сунушталды.

Булак: Калыс Медиа 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу