Боорду тазалоочу азыктар…

Боорду тазалоо үчүн кара карагат бизге жардамга келет. Ал үчүн кара карагатты шекерге кошуп күнүнө жеген жакшы.

Уйгактын тамыры дагы боор үчүн абдан пайдалуу. Беш чай кашык уйгактын майдаланган тамырына, бир литр кайнак суу куюп алты саатка оозун жаап коёсуз. Даяр болгон суусундукту күнүнө үч маал тамакка отуз мүнөт калганда ичүү керек.

Ит мурундун чайы дагы абдан пайдалуу. Ал үчүн ит мурундун чайына бир аш кашык таза бал кошуп колдонгон алда канча эффективдүү болуп саналат.

БУЛАК: zaman .kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу