БОЛГОН ОКУЯ-Өлүп тирилген чоң эненин баяны…

Чоң  апам Насыйпанын көзү өтүп кеткенинен бери бир топ эле жыл болду. Алдыга даамдуу тамак келгенде үй-бүлөбүз менен ата-бабаларыбыздын арбактарына куран окутуу менен бирге сөзсүз түрдө Насыйпа чоң энебизге да багыштап куран окуйбуз. Кээде тамак үстүндө отурганда аны кеп кылып бир окуясын эске салып калабыз. Ыраматылык чоң апам жакшы эле карылыкка жетти десек да болот, токсон беш жашка чыгып анан каза болду. Андай жаш баарына эле боло бербейт, жараткан Алла Таалабыз аз берди ага андай жашты. Бирок бул жашка чейин ал бир өлүп оо дүйнөгө кетип, ал жакты дагы көрүп кайра тирилип келген Жаратканыбыздын буйругу менен. Чоң апам ушул жашка келгенче тың жашады, күүлүү-күчтүү жүрдү, эч кимге көз каранды болгон жок. Өмүрү өткөнчө дегеле жаны тынчу эмес, дайыма эле кыбырап-сыбырап бир нерсе кылып жүргөнүн көрүп калчумун. Анда бир топ эле жаш болчумун, менимче төртүнчү класста окусам керек эле. Мектепте сабакта отургам, эшиктен кыргыз тилинен сабак берген Камалбек деген агайыбыз кирип келип эле дароо мага кайрылып “Ай, Калыгулова тур ойдо ордуңдан. Бар үйүңө жөнө, чоң апаң каза болуп көзү өтүп кетти” деп жатпайбы. Азыр ойлосом ал кызыктай эле киши экен, “өлүп калды” деп айтпай эле койбойбу. Мен эч нерсе түшүнгөн жокмун, сумкамды алдым дагы акырын сыртка чыгып жөнөдүм. Класстагылардын бардыгы телмирише мени узата карап калышты. Мен адегенде ага ишенген жокмун, мага эч кандай таасир берген жок. Качан гана үйго жакындаганда тигилип жаткан боз уйлорду коруп (ал мезгилде бироо каза болсо учтон боз уй тигилчу) журогум жыйрыла түштү. “Эртең  менен эле чоң энем мага чоң  кесеге айран куюп берип, курсагымды тойгузуп туруп мектепке жөнөтүп жибербеди беле, кандайча?” Улам үйгө жакындаган сайын көзүм жашылданып, ичим ачыша ыйлагым келе баштады. Качан гана боз уйдун жанында ыйлап жаткан инилеримди, байкелеримди көргөндө  өзүмдү кармана албай ыйлап жибердим. Кошуналарымдын мен курдуу балдары мени тегеректеп алып сооротууга аракет кылып жатышты. Ошентип мал союлуп, алыс жактагы жакындарыбыз, тууган-туушкандарыбыз келип өлүк коюунун ырым-жырымы баш-талды. Алыста Казакстан тарапта камаз  машинасын айдап жүргөн чоң апамдын эң жакшы көргөн небереси бар болчу Асан деген, менин эң улуу агам. Ошонун келишин күтүп калышты бардыгы. Жылкы, кой союлуп, кийиттер даярдалып, табып алып келинип коюу аземинин ырым-жырымы жасалып жаткан. Аңгыча эле тээ алыстан Асан байкемдин “Насыйпа чоң эне!” деп кыйкырып ыйлап келаткан карааны көрүндү. Ал ушул сөзүн кайра-кайра кайталап боз үйгө өкүрүп ыйлап келди. Анан эмне болду билесиңерби? Көп өтпөй эле чоң энем жаткан боз үй ичи дурбөлөңгө түшүп калды. Айылыбыздын имамын чакырып боз үйгө алып кетишти. Ар ким өз ара күбүр-шыбыр болуша чоң энем жаткан боз үйгө улам кирип-чыгып жатышты. Биз эмне болгонун түшүнбөй тигилердин өзгөчө  кыймыл-аракетине таң кала карап турдук. Ал жакка атамды да ээрчитип кирип кетишти. Айтор, бир топко ушундай дүрбөлөң болуп басылды. Анан айылыбыздын имамы чыгып сыртта жардана, таң кала карап тургандарга жарыя кылып жатпайбы.

— Урматтуу калайык калк, силер кабатыр болуп чочулабай эле койгула. Насыйпа апаңардын али ичээр суусу түгөнө элек экен. Ал өлгөн жок, оо дүйнөдөн кайра тирилип келди. Азыр чыгат!  Анан жапжаңы шайы көйнөк кийип, чапан жамынган чоң энебиз күлүп-жайнап боз үйдөн чыгып келе жатпайбы. Келген адамдардын бардыгы менен кулуп-жайнап учурашып жатты. Анан эмне болду билесиңерби? Биздин Кумайык деген эң  жакшы көргөн итибиз бар болчу, ал өзүнөн-өзү эле өлүп калыптыр. Азыр эле көрүнгөнгө эркелеп чуркап жүргөн болчу. Ит менен чоң энемдин жаны алмашып кетсе керек деп ойлоп калышты бардыгы. Анан иттин оозуна сары май куюп (салт ушундай, аягы майлуу-сүттүү болсун дегени), агаларым тээ алыс жакка алып барып көмүп келишти. Өлүк коюу аземи кайра тойго айланды. Алыстан келген адамдардын бардыгы казан-казан болуп бышып жаткан эттен жеп, иччүлөр ичип, чоң апама узак өмүр каалашып тарап кетишти. Ооба, анда чоң апам жетимиш бешке чыгып калса керек эле, андан кийин жашоосун улантып дагы жыйырма жылдай өмүр сүрбөдүбү. Арадан бир топ убакыт өткөндөн кийин бардыгыбыз чоң энебизге кайрылып сурап калчубуз “Чоң эне, сиз тиги дүйнөгө барып келдиңиз, ал жактан эмнелерди көрдүңүз айтыңызчы?” деп. Чоң энем адегенде бир нерседен чочулап айтпай жүрдү, анан арадан бир жыл өткөндө өзүнүн тиги дүйнөдө көргөн-билгендерин айтып жатпайбы.

— Мен өлгөңдөн кийин, — дейт ал, — аппак кийинип алып кайдадыр кетип бараттым. Айланамдын бардыгы эле мен сыяктуу аппак кийинген адамдар, алар дагы бири-бирин жетелеше ээрчише бир тарапты көздөй кадам таштап кетип бара жатышты. Жашы да, картаңы да бар. Жүздөрү эмнегедир тааныштай көрүнөт, бирок эстей албай жаттым. Телевизордон аппак кийинген Ак Мөөрдү көргөндө ошол эсиме түшүп кетет. Аңгыча эле арт жагымдан Асан неберемдин “Насыйпа чоң эне!” деген кыйкырыгы кулагыма шак дей түштү. Ал үн кайрадан жаңырганда ойгонуп кетип көзүмдү ачтым, карасам боз уйдо жатыптырмын. Болгону ушул жетелешип ээрчишкен ак кийимчен кишилер каякка баратышканын азыркыга чейин билбейм. Анткени мен орто жолдон кайра кайтып келбедимби. Ал эми сырттагы өлүп калган итти мага байланыштырып коюшууда. Аны Жаратканым өзү билет да… Ооба, чоң апамдын ушул сөзүн көп эстейм, тиги дүйнө бар экенине дагы ишенем. Кудайым буюрган күнү биз дагы ошол жакка кетебиз, бул дүйнөдө түбөлүк түркүк болуп кала албайт экенбиз да.

Гулмира Калыгулова,

Кочкор району

Аргумент.kg
Жооп калтыруу