БОЛГОН ОКУЯ-Кайын сиңдимдин каргышына калдым.

Kaргыш, эмне женин ушул жашка келгени дегеле маани бербептирмин. Чын эле адам баласы башына түшмөйүн эч нерсени түшүнбөйт экенбиз. “Төө кыядан өткөн сон, “чу” дегенден не пайда” дегендей, түшүнгөндө-түшүнбөгөндө деле азыр кеч болуп калды. Чын эле ошондо бекер кылыптырмын, азыр катуу өкүнүп калам. Окууну жаңы гана бүтүп келген кайын сиңдим бар болчу. Райондук ооруканада врач болуп иштечү. Турмушка али чыга элек болгондуктан, ага көз артпаган, куда түшпөгөн адамдар калган жок окшойт. Көбунчөсү эле мага келишет. Бирин жактырсам, бирин жактырбайм. Кайын сиңдимден акырын кыйытып сурап көрсөм, сүйлөшүн жүргөн жигити бар экеи. Чын эле жигиттер суктангыдай кайын сиңдимдин өнү-башы татынакай болчу. Эркектер келип атып тажап да кеттим, аны сөзсүз күйөөгө бериш керек болуп калды. Райкомдо иштеген бир бала бар болчу, атасы элдик контролдоо кызматында иштейт экен. Ал мага күндө келип, мени “жеңелеп” колго ала баштады. Жөн келчү эмес, келген сайын өзү менен көтөрө бир нерсе ала келчү. Адегенде албай жүрдүм, анан “ме­нен эмнем кетип атат эле, ала бербейимби” деп бергенинин баарын моюн толгобой эле ала бердим. Ал жигиттин да өңү-башы татынакай, окууну жаңы гана бүтүп иштей баштаган жигит эле. “Буга күйөөгө чыкса жаман болбойт, окууну бүткөн, чоңдун баласы»‘ деп, аны мен жактыра баштадым. Кайын сиңдим менен тааныштырып, “турмушка ушуга эле чыгып ал” дедим эле, ал “Жигитим бар, менин жашоомо кийгилишпей жүрүңүзчү” деп кагьш таштады. Ачуум келе түштү. Бул үйдөгүлөрдүн эң эле улуусу мен болсом, мени кагып салганын кара жары-багырдын. “Эшекти отко ай- даса бокко качат” болуп, ага мен бирди көрсөтмөй болдум.

Тигил жигит менен сүйлөшүп туруп атайылап ала качып берүүнү чечтим. Анын үстүнө тигинден анча-мынча нерсесин дагы алып койгон болчумун. Бир күнү алдап ээрчитип барып анын үйүнө өзүм киргизип бердим. “Бир жерге конокко барабыз” деп азгырып кеткем. Меи берки үйдө отурам, эки-үч аял ага жоолук сала албай ызы-чуу болуп атышат. “Жеңе!” деп мага кыйкырат, мен болсо укмаксан, дүлөймүн.

“Таш тушкен жеринде оор”, “Кыз жыргаар жерине ыйлап барат”, “… дандын барар жери тегирмен” дейт, келгенден кийин көчүктү басып отуруп кал, — мен да кебелбей койдум,

—Менин жигитим бар эке- нин билесиз да, жене…

—Ну и что, мындан сонун жигитти таппайсың, сен түк отур.

Анын жалдыраганына, мени тырышып кармаганына болбой, жулкуп алып кетип калдым. Мен сыртка чыгып баратканда, кайын сиңдим ачуусу менен аябай каргап жиберди,

— Мен көргөн азапты кызың да көрсүн, сен дагы кызындын азабын тартып кал!

Анын сөзүн укмаксанга салып кетип калгам. Ошол боюнча көп жылдарга чейин экөөбүз сүйлөшпөй жүрдүк. Азыр ойлосом, анын убалына калыптырмын, көп жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитинен тартып алып сатып жибергендей эле болдум. Кийин анын каргышы чын эле өз башыма сокку болуп тийбедиби. Убагында ал сөзгө анча деле маани берген эмес болчумун.

Кызым турмушка чыкпай жатып төрөп алып, эл алдында шерменде кылды. Анысынан да ага күйөө токтобой койду. Улам тиет, кайра ажырашып кетет, ал да катуу кыйналды. Анын азабын азыркыга чейин мен тартып келатам. Экөөбүз көп урушуп, көп элдешебиз. Уулум аял алды эле келиним экөө тил табыша албай коюшту. Кызым бизден бөлүнүп кетти. Азыр эч жерде иштебейт, аны биз багабыз баласы экөөнү. Чындыгында каргыш жаман экен, ал дароо эле тийбейт. Тээ көп жылдан кийин баарын анан көрсөтөт экен. Окурмандарга айтар элем, бирөөлөрдүн каргышына калгы ча батаны көбүрөөк алгыла деп. Келечекте өсөөрүне жакшы болот.

Калийман, Жумгал району

Булак: Шамбала

Аргумент.kg
Жооп калтыруу