Бокс кыздар үчүн эмес деген түшүнүктү талкалаган сулуулар (сүрөт)

Уруш искустволору анын ичинде бокс кыздар үчүн эмес деп айтылат. Белгилүү чемпион Виталий Кличконун айтканы көпчүлүктүн эсинде болсо керек. Бирок биз бул жолу коомдогу түптөлүп калган ойлор менен күрөшкөн кыздар менен тааныштыргыбыз келип жатат.

Биринчиден кыздар өздөрү тандаганга укуктуу, экинчиден аялдар эркектерден эч кем калышпайт эмеспи.

Бокс бул бир гана өз коопсуздугун үчүн эмес, айлана-чөйрөгө сен дагы күчтүү жан экениңди далилдеп берүүнүн дагы бир жолу болуп саналат.

Бокс фигураны дагы бир калыпка келтирип, арыктоого жардам берет. Андан сырткары концентрация, реацияны өстүрүп, ар бир кадамыңды эсептегенге үйрөтөт.

Валентина Шевченко

Валентина Шевченко —  тайбокс, кикбокс боюнча дүйнөнүн 16 жолку чемпиону, Эл аралык уруш искусство оюндарынын 2 жолку чемпиону, World Sport Accord Combat Games , Кытай, Пекин 2010, Орусия, Санк-Петербург 2013, Ultimate Fighting Championship (UFC) боюнча дүйнөнүн чемпиону. Кыргызстандын сыймыгы жана Түштүк Американына, Пан Американын тайбокс боюнча чемпиону.

«Ок» каймана аты менен белгилүү болгон Валентина, Ронда Роузини жеңген биринчи кыз Холли Холмду нокаутка кетирип, дүйнө элинин оозун ачырган. Йоанда Энджейчин тай боксунан ММАга өтүп бир да жолу атаандаштарына утулган эмес экен, ал эми Валентина аны да жеңе алган.

Шахриза Халилова

Шахриза Халилова — тай бокс боюнча дүйнөнүн эки жолку чемпиону.

12 жашынан карате менен машыгып, андан соң муай-тайга өткөн.  Машыктыруучусу Александр Воинов. «Спортто алган жаракаттарыма карабай, бул менин тандоом. Албетте ата-энем каршы чыккан. Азыр деле каршы. Бокс кыздар үчүн эмес дегенге кошулбайм. Себеби Лейла Али деген спортчу кээ бир балдарга караганда ылдам жана мыктыраак. Боксто дагы канча жыл болом билбейм. Бул болочок жолдошуман көз каранды»

Диана Пернот

Диана Пернот — Францияда жашаган кыргызстандык спортчу. Кик бокс боюнча  Франциядагы Champagne Ardenne аймагынын чемпиону. Алдыда MMAга өтүү боюнча максаттары бар.

Анын Instagram  баракчасы алдында » Кыргыздын дагы бир Валентина Шевченкосу» деген сыяктуу комментарийлерди окуп сыймыктанасың. Балким келечекте Диана чындыгында эле кыргыздын желегин желбиретип чыгып калар.

Диана Нарын шаарында жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан кыз. Азыркы учурда Францияда жашап, кикбокс боюнча бир топ ийгиликтерге жетишкен кыз.

Антонина Шевченко

Антонина Шевченко –  муай-тай боюнча дүйнөнүн 2 жолку чемпиону, жекеме -жеке уруш боюнча 4 жолку чемпион, Түштүк Американын жана Кыргызстандын чемпиону, ар кандай чемпионаттардын призеру, бокс боюнча Кыргызстандын жана Орусиянын спорт чебери, 2012-жылы «мыкты спортчу» наамына ээ болгон.

Булак: sakal.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу