Жол кырсыгы Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун аймагында болгон.
Бишкек — Ош унаа жолунун 574-чакырымында май ташуучу унаа менен Honda Fit кагылышты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя Жалал-Алаб облусуна караштуу Сузак районунун аймагында болгон.
«Кырсыктан Honda Fit унаасы өрттөнүп, ичиндеги үч адам кошо күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө эки унаа тартылган», — деп жазылат маалыматта.
Жол кырсыгына учураган эки машина жолдун четине чыгарылып, Бишкек — Ош унаа жолу ачылды.
Булак: sputnik.kg