Бишкек-Ош жолунда май ташыган унаа дарыяга кулап, бир киши мерт кетти.

Жалал-Абаддагы Токтогул районунда кайрадан май ташыган унаанын катышуусунда кырсык катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

20-январда, саат 23:15те, Бишкек-Ош автожолунун 264-чакырымында «Фредлайнер» май ташыган унаа Чычкан дарыясына кулап кекен.

Анын кесепетинен 1 киши каза тапты, эки адам жабыркады. Унаанын цистернасында 38 тонна бензин болгон. 21-январда аталган ведомствонун кызматкерлери, автоунаадагы бардык документтерди чогултуп, аны прокуратуранын кызматкерлерине тапшырды.

БУЛАК: BAROMETR.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу